Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАШТАР ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН БЕЛАРУС САЯСАТЧЫЛАРЫН ЭСКЕРДИ


Аида Касымалиева, Бишкек Колдоруна «Биз билгибиз келет!» деп беларус жана англис тилдеринде жазылган плакаттарды кармаган “Бирге” элдик жаштар кыймылынын мүчөлөрү 16-сентябрда Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдында митинг-реквием өткөрүштү. Мындай акциялар Беларуста, Украинада, Орусияда, Казакстанда жана Азербайжанда да жаштар кыймылдары тарабынан уюштурулган

Бул акция Беларуста мындан туура 6 жыл мурун жоголуп кеткен 4 коомдук-саясий ишмерди: Юрий Захаренкону, Дмитрий Завадскийди, Анатолий Красовскийди жана Виктор Гончарды эскерүүгө арналды. Жаштар бул боюнча ачык иликтөөнүн жүрүшүн талап кылышты.

“Бирге” элдик жаштар кыймылынын укук маселелери боюнча координатору Мирсулжан акциянын максатына мындайча токтолду:

- Биз элчиликтин алдына Белааруста жоголуп кеткен үч саясатчыны жана бир журналистти эскерүү үчүн чыктык. Муну азыр трансулуттук демократиялык тармак өткөрүүдө, ал жакка 5 уюм кирет: “Кыргызстандан “Бирге”, Казахстандана “Кахар”, Орусиядан “Мы”, Азербайджандан “Йох!” жана Беаорустан “Младодемократы”.

“Бирге” уюмунун мүчөсү Нуриля Батыралиева адам укугу баарынан жогору экендигин өзгөчө белгиледи:

- Биз баштагыдай эле улутуна, жашына карбай адам укугу баарнынан жогору экендигин билдириш үчүн элчиликтин алдында турабыз. Биздин митинг-реквием саясий акция эмес. Жөн гана жоголуп кеткен адамдардын да жашоого укугу бар эле. Алар жөнүндө бир гана Беларус эли эмес, Кыргызстандыктар да билишет.

“Бирге” элдик жаштар кыймылынын координатору Сергей Зейлюк Беларустун жараны. Ал Беларуста болуп жаткан нерселерге кайдыгер эместигин айтат.

Кыргызстандагы укук коргоочулар жана саясатчылар болсо Беларуста демократиянын жана адам уккуктарынын тепсендиде калышына басым жасашууда.

Жаш саясатчы Адил Турдукуловдун айтымында, Беларус Европадагы бирден бир авторитардык өлкө болгону менен анын экономикалык туруктуулугу кезектеги түстүү ыңкылаптын чыгышына жол бербейт:

- Азыркы учурда Польша баш болуп, Украина жана Грузиянын деми менен коңшу Беларустаыңкылап уюштуруу максатында АКШ, Германия, Англия жана Франциянын акчаларына иш-аракеттер журуп жатат. Беларустун айланасына радио түйүндөрүн орнотуп, жаштарды өзүнө тартууда. Бирок менин билишимче, Беларустун экономикалык деңгээли ошол эле Грузияга жана Украинага караганда жогору, мына ошондуктан Белоруста экономикалык кырдаал абдан начарлабаса, ыңкылап чыгышы күтүлбөйт.

16-сентябрда Беларус президенти Александр Лукашенко БУУнун саммитинде сөз сүйлөп, Кошмо Штаттарын өмгөкчүл саясат жүргүзүп жатканы, ал эми Улуттар Уюмун Вашингтонго буга мүмкүндүк берип жатканы үчүн айыптады. Лукашенконун айтымында, АКШ дүйнөгө дүмөк салып, Улуттар Уюмун будамайлап-буйлалап алганга умтулууда. Бул кампанияда Беларус президенти Америка өкмөтү демократияны жана адам укуктарын бетине жамынып алып, иш жүргүзүүдө деп эсептейт.

Ошол эле учурда кыргыз коомчулугунда кезектеги түстүү ыңкылап Беларуста болушу ыктымал деген саясатчылар да жок эмес. Маселен, Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын башчысы Турсунбек Акун ушундай пикирде:

- Бул жерде эки жактуу караш керек да. Эмне үчүн эл Лукашенкону колдоп жатат? Анткени ал мурдагы Союздун режимин сактап кала алды, завод-фабрикалар иштеп жатат, эл социалдык жактан корголгон. А бирок жаман жери – албетте, адам укугу сакталбай, демократия тебеленип, сөз эркиндиги жок. Негизи, Беларус – келечеги жок өлкө, бул системаны сактап турууга болбойт. Менимче, кезектеги ыңкылап сөзсүз түрдө Беларуста болот. Себеби ал жакта адам укугу катастрофалык акыбалда калган.

XS
SM
MD
LG