Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:01

ШАЙЛОО КОДЕКСИ ДАГЫ ӨЗГӨРТҮҮГӨ МУКТАЖ


Ушул тапта Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу кызуу талаш-тартыштар жүрүп жатат. БШК бул багытта БУУнун Өнүктүрүү программасы менен ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн колдоосунда жер-жерлерде жыйындарды өткөрүп, аны республикалык конференция жыйынтыктады. Мындай жыйындардагы талкууларда Шайлоо кодексине дагы өзгөртүү киргизүү зарылдыгы белгилүү болду.

Кыргызстанда эң көп өзгөртүүлөргө учураган мыйзамдар Конституция менен Шайлоо кодекси болуп калды. Ошентсе да жер-жерлерде өткөрүлгөн жыйындар Шайлоо кодексине дагы өзгөртүү киргизүүнүн зарылдыгы бар экендигин көрсөттү. Адистердин айтымында, кодекстеги жарандарга катталган жери боюнча гана шайлоого катышууга укук берген берене, үгүт иштеринин мөөнөтү, шайлоочулардын тизмеси, добуштарды сатып алганы үчүн жазалоо, КР президенттигине талапкерлерди мамлекеттик тил комиссиясынан өткөрүүнүн зарылдыгы, парламенттик шайлоону мажоритардык системадан пропорцияналдык системага өткөрүп, шайлоо аймактарынын санын азайтуу сыяктуу бир топ маселелер кызуу талаш-тартышты жаратууда.

Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Амат Маматоморов добуштарды сатып алуу тууралуу беренени кайра карап чыгуу зарыл деген пикирде:

- Парламенттик шайлоо учурунда айрым талапкерлердин шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет жасаганы ачык эле байкалып турганы менен, аны бетине коюп, далилдөө кыйын болду. Ошондуктан добуш сатып алуу тууралуу беренелерди да кайрадан иштеп чыгуу керек.

БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун ою боюнча, парламенттик шайлоодо талапкерлердин шайлоочулардын добушун сатып алууга жасаган аракетин токтотуу үчүн шайлоо аймактарынын территориясын чоңойтуу керек.

Кызуу талаш-тартышты туудуруп, эки ача пикирлерди жаратып келген мыйзамдардын бири - КР президентин шайлоодо талапкерлерди мамлекеттик тил комиссиясынан өтүүгө милдеттендирген мыйзам. Жаңылануучу Шайлоо кодексинде бул беренени алып салуу тууралуу сунуштар да көп болду. Бирок БШК төрагасы буга каршы:

- Менин оюмча, мамлекет башкарган адам мамлекеттик тилди билүүгө тийиш. Биздин тилди эле эмес, дилди да билген элдин чыныгы атуулу гана кыргыз элин башкара алат. Ошондуктан, КР президенттигине талапкерлер мамлекеттик тил боюнча комиссиядан өтүүгө тийиш деген мыйзамды алып салалы деген пикирлерге кошулбайм. Мен БШК төрагасы катары да, кыргыз элинин уулу катары да ушул көз карашымды ар дайым коргойм.

Шайлоо кодекси 1999-жылы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган, бирок андан бери бир нече жолу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Эми дагы өзгөртүү киргизүүнүн зарылчылыгы барбы? - деген суроо менен «Ар-Намыс» партиясынын жетекчисинин орун басары Эмил Алиевге кайрылдык:

- Биз билебиз, азыркы Шайлоо кодекси мурунку жетекчилердин кысымы менен алардын кызыкчылыгына жараша кабыл алынып калган. Ошондуктан эми демократиялык талаптарга жооп берүүчү, шайлоонун таза өтүүсүн шарттай ала турган жаңы кодексти кабыл алышыбыз керек.

Кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу август-сентябрь айларында өткөрүлгөн жыйындарда түшкөн сунуштардын топтому Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилмекчи.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG