Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

ӨГӨЙЛӨНГӨН КЫРГЫЗ СПОРТУ


Парламентте өкмөттүн структурасы кызуу талкууланып, түрдүү пикир, сунуштар айтылууда. Айрым депутаттар спорт тармагын өзүнчө министрлик же комитет катары калтырууну жактап жатышат. Өкмөттүн сунуш кылган бир вариантында спортту билим берүү министрлигинин курамына кошуу демилгеси да бар.

Эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстанда спорт тармагы бирде министрлик, бирде мамлекеттик комитет, бирде агенттик болуп өзгөрүп келди. Ошондой эле кыргыз спорт тармагына оор атлетчи, радиотехник, кинорежиссер, экономист, туризм адистери жетекчи болуп турушкан. Учурда кыргыз тилчи Бектур Асанов төрагалык милдетти аткарып келүүдө. Кыргыз спорт адистери болсо 14 жылда 6-7 төрага алмашып, спорттун өзгөчөлүктөрүн түшүнгөн жетекчиге жарыбадык, деп жүрүшөт.

Учурда жаңы өкмөттүн сунушу боюнча Кыргыз туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин туризм тармагын экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин курамына берүү боюнча пикирлер айтылууда. Ал эми жаштар саясатын билим берүү министрлигине кошууну ылайык көргөндөр да бар. Айрым депутаттар спорт жана дене тарбия тармагын өзүнчө мамлекеттик комитет кылуу демилгесин колдоп жатышат.

Системага түшүп, калыптанып калган тармакты мамлекеттик деңгээлде колдоо зарылдыгын Жогорку Кеңештин депутаты Айдарбек Керимкулов да белгиледи:

- Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жаткан эле ушул спорт тармагы. Ошондуктан спортчуларды колдоого алуу зарыл болуп турат. Эгерде бул калыптанып калган системаны талкалап алсак, анда аны кайра калыбына келтирүү кыйын болот.

Туризм тармагын спорт комитетине кошуу өзүн актабаганын Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Алмаз Касенов айтып, бул жагдайга өз пикирин мындайча билдирди:

- Туризм - спорт тармагына жардам бермек түгүл, өзү бутуна тура албай араң жүрөт. Бул система өзүн эч актаган жок. Талаш-тартыштын айынан спортчулар гана жабыр тартууда.

Мурда Кыргыз спорт комитетинде 50 кызматкер эмгектенсе, учурда 5-6 кызматкер иштеп, райондук спорт комитеттер, спорт коомдор жана мектептер жоюулуп кеткенин спорт ардагери Мухит Кайбылдаев айтты:

- Облусттар жоюлса, кыргыз спорт комитети башка тармакка кошулса, спорт коомдору, мектептер жабылса, анда элдин ден соолугун кимдер ойлойт. Спорт комитети керек, эгерде азыр каталык кетирсек, аны оңдоого кийин олчойгон каражаттарды жумшоого туура келет.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов спорт тармагын сактап калуунун зарылдыгын билдирди:

- Спорт дагы чоң саясат. Элдин ден соолугу, арнамысы бийик туруусу зарыл. Туризм тармагын башка министрликке берип, жаштар менен спорт багыттарын бирге алып жүрүү өзүн актамакчы.

Чоң спортту Улуттук олимпиада комитетине берүү тажрыйбасы башка өлкөлөрдө өзүн актап жатканын, ал эми Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин бир дагы спорттук базасы жоктугун аталган уюмдун спорт бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Саяков айтып берди.

Кыргызстанды дүйнөгө таанытуучу жаштар арбын экенин, аларга мамлекеттик деңгээлде камкордук көрүп, бул тармакты сактап калуунун зарылдыгын оор атлетика боюнча өлкөнүн улук машыктыруучусу Үсөн Майназаров белгиледи:

- Кыргыз туусу спортчулар жеңген учурда гана көтөрүлөт. Дүйнөлүк таймаштарда намыска жарап берчү улан-кыздарга камкордук көрүү зарыл. Кыргыз спорт комитетине өзгөчө статус берүү керек.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG