Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:52

Жекшембиде Бишкектеги №1-Университет шайлоо чөлкөмүндө кайрадан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо болду. Парламенттин депутаттыгы үчүн аталган шайлоо аймагынан 6 талапкер ат салышты. Байкоочулардын баамында, бул шайлоо жараяны мурдагыларга салыштырмалуу бир топ эле солгун жүрдү

Быйылкы февраль-март айларындагы парламенттик шайлоодо №1-Университет шайлоо аймагынан экс-президенттин кызы Бермет Акаева атаандашы Болот Мариповдон көп добуш алып, жеңишке жетишкен эле. Бирок марттагы элдик ыңкылаптан кийин үгүт өнөктүгүндө мыйзам бузууларга жол берген деп БШК Бермет Акаеваны депутаттык мандаттан ажыраткан. Ушул себептен БШКнын чечими менен аталган аймакта кайрадан шайлоо өттү. Шайлоого 6 талапкер катышты. Алардын ичинен экөө буга чейинки шайлоого да талапкер болушкан.

Аталган шайлоо аймагында 17 шайлоо участогу жана 29 691 шайлоочу бар. Бул шайлоого добуш берүүчүлөрдүн катышуусу аз болуп жатканы байкалып турду. Айрымдар мунун себебин элдин шайлоодон тажагандыгынан көрсө, дагы бирлери буга мурдагыдай бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн админстративдик ресурстар колдонулбай, шайлоонун таза өтүп жаткандыгы себеп болду дешет.

№ 1006 шайлоо участогунда бир талапкердин байкоочусу катары шайлоо жараянына көз салып отурган Уланбек бул жолу шайлоо таза өтүп жатат деген пикирде

- Мен март айындагы шайлоодо да байкоочу болгонмун. Бүгүнкү шайлоонун ал кездеги шайлоодон айырмасы бар. Мурда студенттерге бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн шайлоого катышууга басым болгон. Бүгүн андай жок, каалагандар келип шайлап кетип атышат.

Ал эми №1008 шайлоо участогунун комиссия мүчөсү Светлана Токторбаева эл шайлоо сыяктуу саясий жараяндардан тажашты, ошондуктан катыш аз деген ойдо:

- Шайлоочулардын катышы начар. Менимче эл быйылкы жылы кайра-кайра болгон шайлоолордон тажашты окшойт.

№ 1-Университет шайлоо аймагында үч шайлоо участогунун шайлоочулары студенттер. Шайлоочуларынын дээрлик 90 пайызы Улуттук университеттин студенттери түзгөн №1006 шайлоо участогунун комиссия төрайымы Софья Токмашеванын айтымында, бүгүнкү шайлоо жараяны эч кандай басымсыз жүрдү:

-Мурда шайлоодо студенттерди декандар же башка окутуучулар апкелип, катыштырып кетишчү. Азыр андай жок. Студенттер өз каалоолору менен келип, каалаган талапкерине добуш берип атышат.

Шайлоо жүрүшүнө көз салып отурушкан байкоочулардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнүн белгилөөсү боюнча, шайлоочулар тарабынан да, участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан да эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок. Муну №1-Университет шайлоо аймагынын аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы Гүлжамал Мадамилова да тастыктады:

-Биздин №1-Университет шайлоо аймагынын аймактык комиссиясына азырынча эч бир талапкерден жана алардын өкүлдөрүнөн нааразылык түшө элек. Тынч эле өтүп жатат.

Аталган аймакта саат кечки 18ге дейре шайлоочулардын 25 пайызы гана добуш берүүгө катышты.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG