Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

Өзбекстандык жарандар Жалалабаттын пахта талааларында иштешүүдө


ЖАЛАЛАБАТ. Күн сайын эртең менен кыргыз-өзбек чек ара жана бажы аймагына өзбекстандын жүздөгөн жарандары топтолушат. Көп пахта өстүргөн облустун тургундары аларды жол кире, тамак-аш менен камсыз кылышып, терген пахталары үчүн киллограммына 1 сом 20 тыйындан акы төлөшүүдө. Базаркоргон, Ноокен, Сузак, Аксы райондорунун пахта талааларында байкоочулардын болжолуна караганда, өзбекстандык 500-600 теримчи иштөөдө. Пахта терим акысын жогорулатууну каалаган Анжияндык 50дөн ашык аялга 15-сентябрда Ноокен районундагы Сакалды айыл өкмөтүнүн кыз-келиндери каршы болушкан. Жергиликтүү аялдар терим акысын 80 тыйындан ашырбоону талап кылышып, 1 киллограмм пахтаны 1 сом 20 тыйындан терүүнү каалаган өзбекстандык аялдар өз айылына кайтып кетүүгө аргасыз болушкан. Коңшу өлкөнүн жарандары пахта талааларынан тышкары облустун базарларында, жергиликтүү тургундардын үй курулуштары менен жеке чарбаларында да жалданып иштешет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG