Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Аксы окуясында жабыр тарткандарга компенсация төлөө жөнүндөгү сот чечими күчүнө кирди


БИШКЕК. Бул тууралуу 18-сентябрда Аксы окуясында жабыр тарткандардын адвокаты Сартпай Жайчибеков «Азаттыкка» билдирди. Ушул жылдын 11-апрелинде жана 11-июлунда Жогорку сот Аксы окуясында атып өлтүрүлгөн Сапаралиев Кадыркулдун, Үркүнбаев Сатымбайдын, Тагаев Советбектин, Четимбаев Эркинаалынын ар биринин үй-бүлөлөрүнө1 млн. сомдон моралдык чыгым төлөп берүү жөнүндөгү чечимин чыгарган. Сот чечимине ылайык, бул компенсацияларды каржы министрлиги төлөп берүүгө милдеттүү. Аксы окуясында жабыр тарткан дагы 21 адамдын арызы 12-14 июлда Аксы райондук сотунда каралып, Аксы окуясында каза болгон Үмөталиев Элдиярдын атасы Анарбайга 1 млн. сом, калгандарына 50 миң сомдон 400 миңге чейин моралдык чыгымды төлөп берүү жөнүндөгү чечим чыгарылды. Бул каражаттар да каржы министрлиги тарабынан төлөнүүгө тийиш. Адвокат Сартпай Жайчибековдун айтымында, Аксы окуясында жабыр тарткандарга төлөнө турган компенсациянын келээрки жылдын бюджетине киргизүү маселеси укук коргоо уюмдары тарабынан көтөрүлөт.

XS
SM
MD
LG