Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Курманбек Бакиевдин АКШга болгон сапары аяктады


БИШКЕК. 14-17-сентябрь күндөрү Нью-Йоркто өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун саммитине катышкан президент Курманбек Бакиевдин жетекчилигиндеги делегация 18-сентябрда Бишкекке келди. Саммиттин жүрүшүндө президент Бакиев БУУнун Баш катчысы Кофи Аннан, Европа Биримдигинин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча улуу комиссары Хавьер Солана жана башка эл аралык уюмдардын жетекчилери, бир катар өлкө башчылары менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелери боюнча пикир алышты. Ал эми саммитте сүйлөгөн сөзүндө президент Бакиев Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин сунуш кылды. Бакиев Кыргызстан БУУнун, анын Коопсуздук кеңешинин реформаланышын колдоорун белгилеп, бул реформа уюмга мүчө болгон бардык мамлекеттердин кызыкчылыктары менен укуктарын камсыз кылуу, дүйнөдө тынчтыкты сактоо багытындагы иштерди жакшыртууну көздөөгө тийиш деген пикирин айтты.

XS
SM
MD
LG