Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:05

ПАРЛАМЕНТ АЙДАР АКАЕВДИ ДЕПУТАТТЫК КОЛ ТИЙБЕСТИКТЕН АЖЫРАТТЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Жогорку Кеңеш 19-сентябрдагы отурумунда ачык добуш берүү аркылуу депутат Айдар Акаевди кол тийбестик иммунитетинен ажыратып, аны кылмыш жообуна тартууга уруксат берди. Добуш берүүгө 66 депутат катышып, алардын элүү үчү Айдар Акаев кол тийбестик укуктан ажырасын деп добуш беришти, алтоо каршы болду. Дагы 7 бюллетень бузулган деп табылды.

Баш прокурор Азимбек Бекназаровдун пикиринде палатанын жогоркудай чечими тергөө ишин тездетет. Ал эми Максим Максимовичтин айтымында, алар палатанын мындай чечимин сотко беришет.

«Каршы» добуш бергендер:
Алишер Сабиров,
Юрий Данилов,
Нурдин Абдылдаев,
Дамир Өскөмбаев,
Сергей Попов,
Олег Журавлев.

"Бузулган" бюллетендер:
Садыр Жапаров,
Айдарбек Керимкулов,
Авазбек Момункулов,
Камчыбек Ташиев,
Ахматбек Келдибеков,
Марат Султанов,
Тынычбек Акматбаев.

Ар кандай себептер менен добуш берүүгө катышпагандар:
Махаматжан Мамасаидов (командировкада),
Роман Шин (командировкада),
Каныбек Иманалиев,
Ташкул Керексизов,
Айдар Акаев,
Муратбек Малабаев.

Бул - Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу депутатты кол тийбестик укуктан ажыратуу болуп эсептелет. Айдар Акаевдин бир тууганы Бермет Акаева да мындан мурда депутаттык мандаттан соттун чечими менен ажыратылган болчу.

Талдоочулардын пикиринде экс-президент Аскар Акаев уулу менен кызын парламентке алып келиши саясий кризисти күчөтүп, анын соңунда март ыңкылабы болгон.
XS
SM
MD
LG