Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:05

ГЕРМАНИЯДАГЫ ШАЙЛООДО ОППОЗИЦИЯ АЛДЫГА ЧЫКТЫ


Бүбүкан Досалиева, Прага шаары 18-сентябрда Германияда парламенттик шайлоо болду. Анын алгачкы жыйынтыктары боюнча Анжела Меркел жетектеген Христиан-демократиялык союз алдыга озуп чыкты. Бул шайлоо 7 жылдан бери бийлик башында турган канцлер Герхард Шрөдер үчүн чоң сыноо болду. Анткени, байкоочулар Анжела Меркел Герхард Шрөдердин Социал-демократиялык партиясын тактан алып түшө турган болуп калды деп жатышат.

Анжела Меркелди колдогон Христиан-демократиялык союз 35,2 пайыз добуш алды. Аны менен коалиция түзөт деп болжолдонуп жаткан “Эркин демократтар партиясы” 9,8 пайыз добуш алгандыгын алгачкы жыйынтыктар көрсөтүүдө.

Ал эми азыркы канцлер Герхард Шрөдер башында турган Социал-демократтар шайлоочулардын 34,3 пайыз добушун алды. СДП менен коалиция болгон жашылдар партиясы 8,1 пайызга ээ болду деп жатышат. Демек, эки коалиция тең бундестагда көп орун ээлөөгө жетише албайт.

Бирок добуш берүү аяктагандан кийин Анжела Меркел:

- Айымдар жана мырзалар, Германияда кызылдар менен жашылдар коалициясы жеңилди. Бул жакшы жаңылык! - деп, өкмөттү түзүүгө мандат алгандыгын:

- Бардыгын салмактап көргөндө биз парламенттеги күчтүү партия болобуз, бул күмөнсүз, башка партиялар менен сүйлөшүүлөрдү баштайбыз, демократиянын талабы ушундай. Ошондо туруктуу өкмөттү түзүүнүн келечеги айкын болот,- деп билдирди.

Ал эми Шрөдер Христиан-демократиялык партия топтогон добуш Анжела Меркелдин бийликке келишине жол ача албайт, деп билдирди. Анын айтымында, ал 18-сентябрда шайлоого катышкан калган партиялар менен сүйлөшүп, бир чечимге келе алса, өзүн жеңилдим деп эсептебей бийликте калууну көздөйт:

- Мурда жазылгандарды жана жарыя кылынган маалыматтарды салыштырганда бул жарышта жеңилген тарап кайсы экени анык. Ал –Меркел айым. Ал муну мойнуна алышы керек. Бул чындык,- деп өкмөттү өзүнөн башка эч ким түзө албасын:

- Шайлоочулар өз сөзүн айтты.Бул кырдаалда менден башка эч ким туруктуу өкмөттү түзө албасын факт айгинелеп турат,- деп жарыя кылды.

Бирок, Анжела Меркел шайлоонун жыйынтыгы мурда болжолдонгон натыйжаны бербегендигин мойнуна алды. Ошол эле учурда Шрөдер аны бийликтен кетиргиси келгендер жеңилип калды деп жар салды жана христиан-демократтардын башында Меркел турса аны менен “чоң коалиция” түзүүгө барбасын кесе айтты.

Ал эми шайлоо алдындагы чоң талашты экономиканын басаңдашы, жумушсуздуктун өсүшү жана эл аралык саясат жаратты. Меркел Шрөдердин саясатын сындап, ага окшоп куру убада бербесин билдирди. Ал эми Шрөдер анын билдирүүлөрүн өтө эле радикалдуу, деп сынга алды.
XS
SM
MD
LG