Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:15

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ АЙДАР АКАЕВДИ ДЕПУТАТТЫК КОЛ ТИЙБЕСТИКТЕН АЖЫРАТТЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Жогорку Кеңештин 19-сентябрдагы отурумунда депутаттар ачык добуш аркылуу кесиптеши Айдар Акаевди депутаттык кол тийбестигинен ажыратып, аны кылмыш жообуна тартууга уруксат берди. Добуш берүүгө алтымыш алты депутат катышып, алардын ичинен 53 депутат макул, алты депутат каршы болгон. Дагы жети депутат өз бюллетендерин бузуп койгондугу маалымдалды.

Айдар Акаевдин маселесин кароо кызуу талаш-тартышты жаратты. Адегенде Сооронбай Жээнбеков, Мелис Эшимканов жана башка депутаттардын сунушу менен маселе жабык эшик алдында талкууланды.

Андан соң депутаттар каралып жаткан маселе боюнча Баш прокурор Азимбек Бекназаровго суроо беришти. Суроо жооп учурунда айрым депутаттар “Баш прокуратура тарабынан Айдар Акаевге коюлган айыптоолор далилсиз” деген пикирлерин билдиришти. Ага Баш прокурор Азимбек Бекназаров мындайча жооп берди:

- Ал жерде жетишээрлик далилдер келтирилген. Мен баарын айтпай эле бир эле мисал келтире кетейин. Жылына жарым миллион сом айлык алган киши 49 миллион сомду кайдан тапкан? Эмне бул далил эмеспи?.. Мындай далилдер биз берген маалыматта толтура.

Талкуунун жүрүшүндө палата ар бир депутатка өзүнүн аты жөнү жазылган бюллетень берүү жолу менен ачык добуш берүү чечимине келди. Добуш берүү жыйындар залында ачык өткөрүлдү. Кайсыл депутат кандай добуш бергендиги журналистерге маалымдалып турду.

Добуш берүүгө баары болуп 66 депутат катышты. Алардын ичинен 53 депутат макул, 6 депутат каршы добуш берип, 7 депутат өз бюллетендерин бузуп койгондугу айтылды. Төмөнкү депутаттар, тагыраак айтканда, Алишер Сабиров, Сергей Попов, Юрий Данилов, Нурдин Абдылдаев, Дамир Өскөнбаев, Олег Журавлев каршы добуш беришти. Ал эми Садыр Жапаров, Айдар Керимкулов, Абазбек Момункулов, Камчыбек Ташиев, Келдибеков Акматбек, Марат Султанов Тынычбек Акматбаевдер өз бюллетендерин бузуп коюшкан. Ошентип жогорудагы жети депутаттын добуштары да жараксыз деп табылды.

Мындан сырткары депутат Каныбек Иманалиев маселе каралганда жыйындар залында отуруп, добуш берүүгө келгенде кетип калгандыгы маалымдалды. Натыйжада 53 депутаттын макулдугу менен Айдар Акаевдин депутаттык кол тийбестиги алынып, ага кылмыш ишин козгоого макулдук берилди.

Депутат Акматбек Келдибеков эмне үчүн каршы добуш бергендигин мындайча түшүндүрдү:

- Себеби регламенттин 240-беренесине ылайык, эгерде депутат бир сессияга келбесе, төрага ал маселени көтөрүп чыгыш керек. Маселени ошол шайлоо округундагы шайлоочуларга коюшу зарыл. Эгерде ошол шайлоо округунун эли бизге бул депутат керек эмес десе, биз маселени ошонун негизинде чечишибиз керек. Элди сыйлашыбыз керек.

Палата чечим кабыл алгандан кийин Баш прокурор Азимбек Бекназаровду сөзгө тарттык:

- Жогорку Кеңештин мындай чечиминен соң Айдар Акаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери тез жүрө баштайт. Анын мүлктөрү камакка алынат. Чек ара бекеттерине аны кармоо боюнча каттар жиберилет. Мындан сырткары коңшу өлкөлөрдүн тартип коргоо органдарына да аны камакка алуу боюнча маалымат беребиз.

Ал эми Айдар Акаевдин адвокаты журналистерге парламенттин жогорудагыдай чечимине макул эместигин жана сотко кайрыла тургандыгын маалымдады:

- Биз палатанын жогорудагыдай чечимин сотко беребиз. Айдар Акаевге карата бардык мыйзамдуу жолдорду колдонобуз. Анын ичинде, дүйнө коомчулугуна да кайрылабыз.
XS
SM
MD
LG