Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:07

Түндүк Корея өзөктүк куралдар программасын токтотуп, андай куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү Эл аралык келишимге кайтууну убада кылды. Бэйжинде өтүп жаткан алты тараптуу жолугушуунун калган катышуучулары – Түштүк Корея, АКШ, Жапония, Орусия жана Кытай – Түндүк Кореяга мунай жана электрэнергия жагынан жардам көрсөтүп, коопсуздугуна кепилдик беришти. Тараптардын бул билдирүүсү Пхеньян кризисин биротоло токтото алабы?

Бэйжиндеги алты тараптуу сүйлөшүү дүйшөмбү күнү бардык делегациялардын шаңдуу кол чабуусу менен аяктады. Эки жылдан бери Пхеньяндын өзөктүк курал өндүрүү ниетин талкуулап-талашып келаткан эки Корей республикалары, АКШ, Орусия, Жапония жана Кытайдын дипломатиялык аракеттери текке кеткен жок өңдүү.

Кытайдын делегация башчысы Ву Давэй кабарчыларга буларды билдирди:

- Корей Элдик Демократиялык Республикасы өзүнүн өзөктүк курал даярдоо аракеттерин жана ушуга байланыштуу программаларын токтотуп, кооптуу куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимдеги алгачкы этаптарга кайтуу ниетин билдирди.

Түндүк Корея 2003-жылы өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимден чыгып, өзүн атомдук куралы бар өлкө деп жарыялаган. АКШнын чалгындоо кызматы Пхеньяндын 2-3 атомдук бомбасы бар деп ырастаган.

Бэйжиндеги сүйлөшүүнүн соңунда таратылган билдирүүдө алты тараптуу сүйлөшүүгө катышкан беш өлкө Түндүк Кореяны мунай, электрэнергия менен камсыздап, коопсуздугун кепилдей турганы айтылган. Вашингтон Түндүк Кореяга чабуул коюу ниети жок экенин кайталап, өлкө эгемендүүлүгүн урматтай турганын айтып келатат.

Бул ирет АКШ Корей жарым аралында кооптуу куралы жок экенин тастыктады. Бир катар билдирүүлөрдө Түндүк Кореяны – дүйнөдөгү коопсуздукка коркунуч келтирген “балакеттин үчилтигине” киргизгени менен, Вашингтон соңку кездери Пхеньян менен мамилелерди калыбына келтирүү ниетин көрсөтө баштады. Бэйжиндеги сүйлөшүүгө катышкан АКШлык делегация башчысы Кристофер Хилл Пхеньяндын чечимин жогору баалады:

- Бул Түндүк Корея үчүн зор чечим, чоң милдет, өзүлөрү үчүн абдан туура чечим экенинде шек жок. Түндүк Кореянын коопсуздугу, ийгилиги, гүлдөп-өнүгүүсү – өзөктүк куралга көз каранды маселе эмес. Булар – башка өлкөлөр менен алакаларга көз каранды. Ошондуктан бүгүнкү күн – Түндүк Кореянын тарыхындагы өтө маанилүү учур, дал ушул күнү Пхеньян кооптуу куралдар багытынан дүйнөдөгү башка өлкөлөр менен мамиле-катыш түзүү жолуна бурулду.

Байкоочулар бирок Бэйжиндеги билдирүү – маселенин принциптерин гана белгилейт, майда-чүйдө талаш-тартыштар дагы далайда барып чечилет деген пикирде. Сингапурдагы Чыгыш Азияны изилдөө институтунун эксперти Лай Хонгый билдирүүдө, маселен, Түндүк Корея келечекте өзөктүк курал программасын өнүктүрө алаар-албасы айтылбаганына көңүл бурат. Документте Пхеньян атомдук энергияны тынч максаттарда пайдалана алат деген сүйлөм бар. Сүйлөшүүгө катышкан калган беш тарап Түндүк Кореяны суу менен иштей турган атомдук реактор менен камсыздоо милдетин өзүнө алат, бирок ал боюнча жолугушуу ыңгайлуу учурда өткөрүлөөрү кошумчаланган.

“Ройтерс” агенттиги эгерде беш өлкө өз милдеттенмесин убагында аткара албаса, Түндүк Корея турмуштук максаттагы өзөктүк программасын өнүктүрүү укугуна ээ болот деп жазылганын кабарлады. Андыктан Пхеньян кризисинин келечеги эми Бэйжиндеги билдирүүгө кол койгон тараптардын колунда десек болот.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG