Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

БАШКЫ ПРОКУРОР АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ КЫЗМАТЫНАН АЛЫНДЫ


Aманбек Жапаров, Бишкек 19-сентябрда Президент Курманбек Бакиевдн жарлыгы менен Башкы прокурор Азимбек Бекназаров жана анын орун басары Нурланбек Жээналиев ээлеген кызматынан четтетилди. Алардын кызматтан кетишине июнь айында Ош шаарындагы “Алай” мейманкасынын алдында ок аткан жагдайлар жана Карасуу районунун тургундарынын нааразылыгы себеп болгондугун атайын түзүлгөн комиссия билдирди.

Сентябрь айынын башында Карасуу районундагы Туратали базарынын мурдакы директору Абдалим Жунусов жана анын айдоочусу Санжарбек Абдиев киши колдуу болуп, үйүндө өлтүрүлгөн. Алардын бир туугандары, жакындары кылмыштын бетин ачып берүүнү, кылмышкерлерди жоопко тартууну Жогорку бийлик өкүлдөрүнөн, Ош облусунун администрациясынан, күч органдарынан талап кылышкан. Бул маселе боюнча алар Башкы прокуратуранын дарегине да нааразылык билдиришкен. Окуянын чоо-жайын иликтегени 6 адамдан турган мамлекеттик комиссия түзүлүп, иликтөө иштерин жүргүзүшкөн.

Комиссиянын жетекчиси, Президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы БузурманкулТабалдиев буларды билдирди:

- Мамлекеттик комиссия президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыковдун буйругу менен түзүлүп, Бишкектен төрт адам, Ош шаарынан түштүктөгү президенттин өкүлү Алманбет Матубараимов жана Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Акылбек Батыров кошулуп, алты адам болуп иш жүргүздү. Комиссия Карасуу жергесинде эл эмне үчүн көтөрүлүп жатат, эмне нааразылыктары бар, эмне үчүн ошол жердеги укук коргоо органдары ушул нааразычылыктарга чара көрбөй жатат деген суроолордун үстүндө иликтөө жүргүздү.

Бузурманкул Табалдиевдин айтымында комиссиянын иликтөөсүндө июнь айында Ош шаарындагы “Алай” мейманкансынын алдында куралсыз элдерге ок аткан деп шектелип кармалган Айбек Чомоев менен Сапарали Аканов Кайыпов деген адвокаты аркылуу Башкы прокуратурага айыбын мойнуна алып, кечирим сурап кайрылышкан. Башкы прокурор өзүнүн орун басары Нурланбек Жээналиевди Ош шаарына маселени жеринде иликтеп чечип келүүгө көрсөтмө берген. Шаардык прокурор Нуркамал Набиев Башкы прокурордун жана орун басардын буйругун аткарып, ээлеген кызматынан пайдалануу менен убактылуу тергөө абагындагы Айбекти жана Сапаралини тергөө абагынан шаардан чыкпоо тууралуу тил кат алып бошоттурган.

Ал эми Туратали базарынын мурдакы директору маркум Абдалим Жунусовдун өлүмүнө Айбек менен Сапаралинин тиешеси бардыгы, алар депутат Баяман Эркинбаевдин ишенимдүү жигиттери экендигин Ички иштер министринин биринчи орун басары Шергазы Мырзакеримов билдирди:

- Депутат Баяман Эркинбаевди түздөн-түз Карасуу окуясына байланыштуу деген көрсөтмөлөр жок. Көрсөтмөлөр азыр түздөн-түз Баяман Эркинбаевдин кол астында иштеген жигиттердин үстүнөн болуп жатат. Эркинбаевдин мейманкансында иштеген жигиттердин ичинен үч адам кармалып, камакка алынды. Ошолордун ичинен качып жүргөнү Сапарали Аканов болуп атат. Ошол кармалган жигиттердин бардыгы Акановго карата адам өлтүрүү оор кылмышка катыштыгы бар , деп азыр көрсөтмө берип жатышат.

Ал эми Башкы прокурордун кызматтан чететилишинде эч кандай саясий себептер жок дейт, - Башкы прокурордун биринчи орун басары Жумадил Макешов:

- Бул жерде саясатка байланыштуу эч бир окуя жок. Тек гана Ош шаарындагы “Алай” мейманкасынын алдында ок аткан кылмышкерлерге убагында туура баа бербей, тергөөчүлөр тарабынан, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан кылмышкерлер койо берилген. Бул Башкы прокуратура кызматкерлеринин кызматтан четтетилип жатканы түздөн-түз Кылмыш кодексинин негиздерин, тартиптерин бузгандыгына байланыштуу.

Президенттик администрациянын коомчулук менен байланыш эксперти Анарбек Кайназаров буларга токтолду:

- Биз бул окуяны үч-төрт күн мурда эле укканбыз. Курманбек Салиевич АКШга жөнөп баратканда ушундай команда берип кеткенин билгенбиз. Андан бери Мирослав Ниязов, Адахан Мадумаров Ошко прокуратурага барып, Бекназаровго каршы компрамат издегендерин да укканбыз. Бирок Курманбек Салиевичке ишендик эле, алардын азгыруусуна барбайт, деп. Тилекке каршы ушундай окуя болуп кетти. Бакиев чоң жаңылып атат.

Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун Варшава шаарында иш сапарында жүрүп, Бекназаровдун кызматтан четтетилгенин угуп, президенттин мындай чечимин шашылыш жасалган кадам катары бааларын билдирди:

- Мен Варшавада жүрүп Азимбек Бекназаровдун кызматтан чететилгенин угуп алып абдан кабатыр болдум. Башка дагы кызматкерлерди отставкага кетирүү тууралуу сөздү угуп алып бушайман болуп атам. Бул президент тарабынан шашылыш чыгарган чара деп эсептейм.

XS
SM
MD
LG