Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

ООГАНСТАН: ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО КАЛК КҮТҮЛГӨНДӨГҮДӨН АЗ КЕЛДИ


Ооганстанда шейшембиден тарта парламенттик шайлоонун добуштарын саноо башталышы керек. Өлкө бийликтери жекшембидеги шайлоону демократияга өтүүдөгү тарыхый кадам катары баалашты. Добуш бергендердин саны былтыр күздөгү президенттик шайлоодон бир топ төмөн болду. Талибдердин шайлоону үзгүлтүккө учуратары жөнүндөгү коркутуусуна карабай, расмий өкүлдөрдүн айтымында, добуш берүү тынч маанайда өттү. Шайлоонун баштапкы жыйынтыктары эми келерки айда гана белгилүү болот.

Ошентип, ооганстандыктар соңку отуз алты жылдын ичинде биринчи жолу өлкө парламенти жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн добуш беришти. Ооганстан менен БУУнун биргилешкен шайлоо комиссиясынын төрагасы Биссмилла Биссмил шайлоонун өтүшүн аны үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн талибердин үстүнөн болгон жеңиш катары мүнөздөйт:

- Коопсуздукка байланышкан тынчсызданууларга карабай, бактыга жараша добуш берүү тынч маайнайда өттү. Бир жагынан бул коопсуздукка жооп берген улуттук жана эл аралык күчтөрдүн аракетинен улам болду. Экинчи жагынан ооган калкынын саясий аң-сезими жогорулаганын көргөздү.

Шайлоону ооган өкмөтү менен катар анын батыштык колдоочулары да кубатташты. АКШнын президенти Жорж Буштун, Евробиримдиктин жана НАТО жетекчилигинин пикиринде, шайлоо ийгиликтүү өттү. Ооган президенти Хамид Карзай болсо бул шайлоону өлкө тарыхындагы өзгөчө учур деп эсептейт.

Анткен менен добуш берүүгө, баштапкы маалыматтарга караганда, катталган 12 миллион шайлоочунун 6 миллиону гана катышкан. Бул былтыр октябрдагы президенттик шайлоодон бир топ төмөн көрсөткүч. Анда шайлоого 8 миллиондон ашуун адам келген болчу. Көз карандысыз байкоочулардын пикиринде, элдин катышуусунун күтүлгөндөгүдөн аздыгы көбүнесе коркуу жана талапкерлердин арасында жаман жагы менен белгилүү талаа командарилеринин болушуна байланыштуу. Жергиликтүү укук коргоочу Нурия Масадик мындай дейт:

- Мен шайлоого барбаган бир нече адам менен сүйлөштүм. Алар былтыркы президенттик шайлоодо добуш берип жатып, өкмөттө олуттуу реформалар орун алат деп күтүшкөнүн белгилешти. Тилекке каршы, реформалар ишке ашпады. Талапкерлер арасында, калк каалабаган, өткөн жылдары аскерий кылмыш жасады деп айыпталгандардын болушу элдин иренжинүүсүн жаратып, алар добуш берген жок.

Башкаала Кабул шаарынын айрым тургундары да "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысына борбордон парламентке шайланууну көздөнгөн 400 талапкердин эч кимисине ишенбегендиктен улам, добуш берүүгө барышбаганын билдиришти. Амир - кабулдук 22 жаштагы студент:

- Менимче, эл президенттик шайлоонун учурунда президенттен күткөндөр орундалган жок жана ушул нерсе иренжинүүгө алып барды. Мен да ушундай сезимде болдум. Иренжинүүдөн улам адамдар шайлоого түрдүү мамиле жасашты.

Өлкөнүн ички иштер министрлигинин айтымында, шайлоо күнү добуш бергендерге каршы багытталган эч кандай олуттуу чабуул орун алган жок. Бирок өлкөнүн түштүк жана чыгыш аймактарда талибан согушкерлери дегендер жасаган кол салуулардан 14 адам каза тапты. Биргелешкен шайлоо комиссиясынын өкүлү Питер Ирбин ырастагандай, коопсуздукка байланыштуу өлкөнүн түштүгүндө 16 шайлоо бекети да ачылган эмес:

- Биз Ооганстандын ар бир районунда добуш бердирүүгө жөндөмдүү болгонубузду майрамдап жатабыз. Бизде 6200 шайлоо бекети бар болчу. Логар, Баглван, Гильменд, Урузган, Дай Кунди, Кандагар провинцияларында алардын он алтысы гана ачылган жок. Жабылуулардын көпчүлүгү, чынында, жергиликтүү коопсуздук жагдайларына байланыштуу болду.

Ал эми добуш берүү алдындагы эки айга созулган шайлоо кампаниясы учурунда кол салуулардан жети талапкер жана шайлоо комиссиясынын алты кызматкеринин өмүрү кыйылган эле.

Айтор эмнеси болсо да добуштарды саноо шейшембиден тарта башталат. Баштапкы жыйынтык 5-октябрь, ал эми акыркы жыйынтык 22-октябрга карата чыгаары күтүлүүдө. Ага чейин бюллетень салынып, мөөрлөнгөн он миңдеген кутулар ар бир провинциянын борборуна, добуштар саналуучу жерге ташылмакчы. Ал үчүн тик учактар, автоунаалар, алыскы тоолуу аймактарда аттар менен эшектер да пайдаланылат. Жекшембиден дүйшөмбү караган түнү Нангахар деген провинцияда бюллетень салынган кутуларды алып келе жаткан автоунаанын жолунда бомба жарылып, жергиликтүү полиция башчысынын айтымында, эч ким жабыр тарткан эмес.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG