Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр уланууда


Кытайда Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөр уланууда. АКШнын делегациясынын жетекчиси Кристофер Хиллдин айтымында, жыйынтыктоочу документ катары Кытай сунуштап жаткан долбоор бардык тараптын пикирин камтыйт:

- Азырынча кандай жыйынтыкка келерибизди айтуу кыйын. Эгер биз бир пикирге келсек да ал баары бир көп жагдайлар боюнча маселени чечпейт, тескерисинче, жолдун башы гана болот. Бардык тараптар, эң ириде Түндүк Корея үчүн узак жол басыла тургандыгы менен абдан маанилүү.

Бирок анда эмне жазылганы азырынча белгисиз. Сүйлөшүү бүгүн улантылат. Сүйлөшүүгө катышып жаткан Кытай,АКШ, Орусия, Жапония жана Түштүк Корея Түндүк Кореяны өзөктүк программасынан баш тартууга көндүрө албай жатат. Пхеньян болсо программа тынчтык багытта гана колдонулат деп, андан баш тартпай жатат. АКШ болсо Түндүк Корея өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимге кол койгон эмес деп, ага макул болбой жатат.

XS
SM
MD
LG