Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:00

Ирандын өзөктүк программасы эл аралык коомчулукту көйгөйгө салып жатат


Энергетика боюнча эл аралык агенттик бүгүн Ирандын өзөктүк программасына байланышкан маселени карайт. Ал эми АКШда Улуу Британия, Франция, АКШ жана Германия Ирандын программасына байланышкан кырдаалды талкуулап жатат. Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад ишемби күнү БУУнун Башкы Ассамблеясындагы сөзүндө өзөктүк программасы улантылаарын жарыя кылган. АКШдан кайтып баргандан андан баш тартпай тургандыгын да баса белгиледи. Ага карата Франциянын Тышкы иштер министри Филипп Дуст-Блази “Ирандын маселеси” БУУнун Коопсуздук Кеңешинде каралышы мүмкүн экендигин дароо билдирди. Ал эми Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Жек Строу Иран президентинин билдирүүсү “көңүлдү калтырган жана үмүт жаратпай” тургандыгын белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG