Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Ооганстандагы шайлоонун өтүшүнө эл аралык уюмдар ыраазы


Түндүк Атлантикалык альянс 30 жылдан кийин биринчи жолу шайлоо болгон Ооганстандын элин куттуктады. Альянстын башкы катчысы Яа Хоуп де Схефер “ооганстандык миллиондогон кайраттуу аялдар менен эркектер шайлоого катышып, өз укуктарын иш жүзүнө ашыра алышты”, - деп билдирди. Ага чейин өлкөнүн президенти Хамид Карзай да элин шайлоонун өтүшү менен куттуктап, аны өткөрүүгө жардам бергени үчүн эл аралык коомчулук менен өлкөнүн коопсуздук кызматына ыраазылык билдирген жана аялдардын шайлоодогу дымагын жогору баалаган. Ал эми ар кандай террактардан өлкө боюнча бул күнү 15 киши каза болду.

XS
SM
MD
LG