Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53

«JICA» Кыргызстандык журналисттерге колдоо көрсөтүүнү улантат


БИШКЕК. «Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана» гезиттери акционердик коомго айландырылып, «Эркин тоо» гезитинин базасында өкмөттүк гезит түзүлгөнү жатат. Ал эми мамлекеттин көзөмөлүндөгү улуттук телерадиокорпорация улуттук телекомпанияга айландырылып, «Ош -3000» телекомпаниясы коомдук телеканал болуп кайра түзүлүшү болжолдонууда. Бул тууралуу вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров Эл аралык кызматташтык боюнча Жапониянын «JICA» агенттигинин өкүлү Сугушито Цунэо менен жолугушууда билдирди. Жолугушууда тараптар кызматташтык маселесин талкуулашты. Сугушито Цунэонун айтымында, агенттик Кыргызстандын журналисттеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жаатында кызматташтыкты улантат. Агенттиктин өкүлү Кыргызстанга үч күндүк сапар менен 18-сентябрда келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG