Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

«Шампанкомбинатка» байланышкан кылмыш иши калыбына келтирилди


БИШКЕК. Жоопкерчилиги чектелген «Шампанвинкомбинат» ишканасын сатууда анын башталгыч баасы кыйла азайтылган. Текшерүүнүн негизинде ушундай тыянакка келген башкы прокуратура буга байланыштуу козголгон кылмыш ишти токтотуу тууралуу ички иштер министрлигинин чечимин жокко чыгарды. Башкы прокуратуранын бүтүмүнө караганда, «Шампанвинкомбинатка» байланышкан бул иш 48 315 387 сом чыгашага алып келген. Ишкананы сатуу тууралуу макулдашуу 2003-жылдын 12-декабрында Шампанкомбинаттын атайын администратору Ү. Сыдыков менен жоопкерчилиги чектелген «Жамайка» ишканасынын башкы директору К. Такаевдин ортосунда түзүлүп, уставдык капитал 82 315 387 сомдон 34 миллион сомго чейин азайтылган.

XS
SM
MD
LG