Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:20

Кыргыз делегациясынын АКШдагы иш сапары байсалдуу болду


БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун 60-сессиясына барган мамлекет башчысы Курманбек Бакиев баштаган өкмөттүк делегациянын иш сапары байсалдуу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева 19-сентябрдагы маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, сессиянын жүрүшүндө 20дан ашуун ар кандай жолугушуулар болгон. Канада,Испаниянын тышкы иштер министрлери Кыргызстанга кызыкдар экендигин билдиришкен. Ал эми Европа Биримдигинин башкы комиссары Ферерро Вальднер Өзбекстандык бозгундарга Кыргызстандын көрсөткөн жардамына ыраазылык бидирип, газ тармагындагы маселелерди талкуулашкан. Ошондой эле президент Курманбек Бакиев Жорж Сорос менен болгон жолугушууда жакырчылыкты жоюу маселесин талкуулаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG