Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Жаштардын “Келкел” уюму АКШдан кыргыз элчилигине имарат сатып алууга каршы


БИШКЕК. “Келкел - кайра жаралуу” жаштардын атуулдук кыймылы премьер-министр Феликс Куловго атайын кат жолдоду. Анда АКШдагы Кыргызстандын элчилигине жаңы имарат сатып алууга 500 миң АКШ долларын Каржы министрлигинен бөлүп берүү тууралуу премьер-министрдин кол койгон токтомуна жаштар кыймылы кыжырдануусун билдиришкен. Ошондой эле республиканын бюджети тартыш болуп, кошумча каражатка муктаж болуп турганда элчиликке жаңы имарат алуунун кажети жок экендиги айтылат. Аталган кыймылдын лидери Алишер Мамасалиев ,“Биз эски бийликти сындап, урушканыбыз менен алардын катачылыктарын кайталай баштадык”, деген пикирин билдирген.

Ал эми өкмөттүн 8-сентябрдагы №408 токтомуна ылайык, Тышкы иштер министрлигине АКШдагы Кыргызстандын элчилигине 3 млн. 795 миң доллар көлөмүндөгү кеңсеге жайгашуусуна уруксат берилген. Азыркы жайгашкан имараттын баасы 2 млн.700 миң долларды түзөт. АКШдагы кыргыз элчилигинин жаңы имараты үчүн өкмөт бюджеттен 500 миң доллар бөлүп берүүнү караган. Ал эми элчилик 445 миң доллар кредитти АКШнын бир банкынан 30 жылдык мөөнөткө 6% үстөк менен ала турган болду. 1996-жылдан бери АКШдагы кыргыз элчилиги коммуналдык кызматка жана ижарага 380 миң долларга чыгым болуп, экономикалык жактан пайдасыз болгондугунан өкмөт ушундай кадамга барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG