Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

Үй куруучулар жерди уруксатсыз ээлөөгө даярданып жатышат


БИШКЕК. Үй куруучулар эгер, алардын талаптары аткарылбаса 22 сентябрда кайрадан жерди өз алдынча басып алуу аракеттерин башташмакчы. Бул тууралуу «Алтын казык» коомдук бирикмесинин демилгечи тобу дүйшөмбүдө «АКИ-пресс» агенттигинде берген маалымат жыйынында билдиришти. Мындай кадамга алар бийлик убадасын аткарбаган шартта барышмак. Лидерлердин бири Осмон Рыскулбековдун билдиргенине караганда, бийлик буга чейин Бишкек шаарынын түштүк жагындагы, АКШ элчилигинин маңдай жагындагы бош аянттан беш сотыхдан жер бөлүп берүүнү убада кылган. Үй куруучулардын баамында, «Алтын казыктын» курамында 730 мүчө бар. Алар 16-сентябрда жерди өз алдынча ээлөө аракеттерин баштап, бирок Бишкек шаар мэри менен жолугушуудан кийин кайра токтотуп коюшкан.

XS
SM
MD
LG