Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:50

Орусиянын коргоо министри Бишкекке келет


БИШКЕК. 20-сентябрда Орусиянын Коргоо министри Сергей Иванов Бишкекке иш сапары менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандагы Орусиянын элчилигинен билдиришти.Сергей Иванов Кыргызстандын Коргоо министрлигине аскерий-техникалык жардам көрсөтүү боюнча келишимге кол коюшу күтүлүүдө. Ага ылайык, Орусия Кыргызстанга үстүбүздөгү жылы МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак, КАМАЗ үлгүсүндөгү 10 автомашина, 3 млн. АКШ доллар өлчөмүндөгү каражатка бронетанкага жана автоунааларга тетиктерди берүүнү пландаштырган. Ал эми 2006-жылы 10 автоунаа жана 2 млн. доллар өлчөмүндөгү бронетанкалык техникаларга, автоунааларга кошумча тетиктерди берет. Ошондой эле Сергей Иванов Кант шаарындагы авибазада Орусиянын президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен МИ-8 тик учагын президент Курманбек Бакиевге тапшыруусу күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG