Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Адвокат Максимович эл аралык уюмдарга кайрылат


БИШКЕК. Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун Жогорку Кеңеште билдиргенине караганда, Айдар Акаевди күнөөлөй турган далилдер жетиштүү. Ошондуктан, ага каршы кылмыш иши козголот жана милдеттүү түрдө кармалат. Башка өлкөнүн атуулдугун алган шартта, анын иши ошол өлкөгө өткөрүп берилет, деп билдирди башкы прокурор. Ал эми адвокат Максим Максимович Айдар Акаевдин кармалышына жол бербөө үчүн мыйзам чегинде бардык аракеттерди көрөрүн, алардын ичинде дүйнөлүк коомчулукка кайрыларын билдирди. Адвокаттын айтымында, Айдар Акаев учурда Москвада жана ал Орусиядан баш калка сурашы ыктымал. Ал эми башкы прокурордун билдиргенине караганда, Айдар Акаевге кылмыш беш-алты берене боюнча козголушу ыктымал. Буга чейин кылмыш кодексинин төрт беренеси боюнча айып тагылып жаткандыгы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG