Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Түндүк Кореянын чечимин эл аралык коомчулук кубаттап жатат


Түндүк Кореянын өзүнүн өзөктүк программасынан баш тартуу чечимин эл аралык коомчулук кубаттоо менен кабыл алып жатышат. Бирок Пхеньян убадасын аткарбай коебу деген шектенүүлөр да жок эмес. Ал тууралуу АКШнын президенти Жорж Буш: “Алар курал чыгаруу программасынан принцибинде баш тартууга даярбыз деп билдиришти. Өтө олуттуу кадам жасалды. Эми ал ишке ашабы же жокпу-ошону текшеришибиз керек”-деди. Ал эми Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги АКШ бул өлкөнүн сууда жеңил реакторлорду жасоо планына кепилдик бермейинче жоопкерчилик албасын кыйытты. Энергетика боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Мохамед Эл-Барадей МАГАТЭнин адистери жакында Түндүк Кореяга барып, иликтөө жасайт деп ишенгендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG