Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:59

Өзбекстандын соту Анжыян окуясы боюнча кылмыш иштерин кароого киришти


Бүгүн Өзбекстандын соту Анжыян окуясына байланыштуу камакка алынган 15 адамдын ишин кароону баштайт. Алардын арасында Кыргызстандын 3 жараны бар. Аларга террорчулук кылган, курал жаракты мыйзамсыз пайдаланып, адамдарды барымтага алган жана түрмөдөгү айыпкерлерди бошотушкан деген айыптар коюлууда. Өзбекстан Анжыян окуясын жасагандар Кыргызстандын аймагында даярдыктан өтүп, түрмөдөгүлөрдү бошотууга атайын келишкен деп жарыя кылган. Аны Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү негизсиз деп четке каккан. Анжыян окуясында 187 адам каза болду деген расмий маалыматтар таратылган. Ал эми укук коргоо уюмдары алардын саны 700дөн кем эмес деп жатышат.

XS
SM
MD
LG