Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:27

КАРАСУУДА ДА НААРАЗЫЛЫК


Кубанычбек Жолдошев, Ош Карасуу райондук мамлекеттик акимчилигинин алдындагы нааразылык акциясы улантылууда. Эртең менен райондун борборундагы аянтка бозүйлөрдү жана чатырларды тигип алышкан үч жүзгө жакын адам мамлекет башчысынан 5-сентябрда белгисиз адамдар тарабынан атылган Карасуу базарынын жетекчиси Абдалим Жунусовго буюртма берген адамдарды таптырып, жазалоону жана мамлекеттик бийликти иш аракети шек туудурган жетекчилерден тазалоону талап кылышты.

Карасуу райондук мамлекеттик администрациясынын алдына топтолгон адамдар бозүйлөрдү жана чатырларды тигип алышып, мөөнөтсүз нааразылык акциясын башташкандыгын билдиришти. Митингдин башында нааразылык акциясына катышкан адамдардын айрымдары мамлекет башчысы Курманбек Бакиевди Карасууга келип, кырдаалды өз көзү менен көрүп кетишин суранышты:

- Тоокту сойсо тогуз жыл берет, адамды өлтүрсө Бакиев эмне үчүн келбейт. Бакиев бул жерге келип жооп берсин, биздин башчыбыз болгондон кийин. Кол алдындагыларды башкаралабагандан кийин келип элди тынчытсын, - деди нааразылык акциясынын катышуучуларынын бири Токтокан Мөнөкова.

Митингдин жүрүшүндө нааразылык акциясынын катышуучулары 5-сентябрдын таңындагы киши өлтүрүү фактысынын бетин ачуу, депутат Баяман Эркинбаевди жоопко тартуу, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованы кызматтан кетирүү жана мамлекеттик бийликти таза жетекчилерден түзүү талаптарын коюшкан ураандарды жазып, көтөрүп турушту.

- Биз эки жигитибизди жөндөн жөн ал жакка узатып койдук. Эми тууган-уруктар биз ушул эки жигитти аткан балдарды, ага буйрук берген адамдарды көз алдыбызга алып келип, аларга чара колдонмоюн биз бул жерден таркабайбыз. Керек болсо ачарчылык жарыялайбыз, - деди нааразылык чарасынын дагы бир катышуучусу.

Белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн Карасуу базарынын жетекчиси Абдалим Жунусовдун бир тууган иниси Ибрагим Жунусов 19-сентябрь күнү кызматынан бошотулган өлкөнүн баш прокурору Азимбек Бекназаров Карасуу элинин алдына келип айткан убадасын аткара алган жок деген пикирде:

- Элге каратып ок аткан адамды түздөн-түз Беканазаровдун көрсөтмөсү менен чыгарып отурат. Ал балдар келип алып эки адамдын өлүмүнө да себепкер болуп чыгып атат. Булар тоок атып койгон жок да. Бекназаров карасуулуктардын алдына келип “мен керек болсо Баяманды да камайм” деп айтып алып туруп, кече сессияда мен камайм деген сөздү айткан эмесмин деп атат. Кандай эки жүздүүлүк, мен түшүнбөйм. Биздин максат аларды иштен алып эле тынып калбастан, алар жоопко тартылышы керек. Иштен бошоткон бул жеңил нерсе.

Абдалим Жунусовдун өмүрүнө кол салууну уюштурган кылмышкерлердин бетин ачуу талабы менен турушкан Карасуудагы нааразылык акциясынын катышуучулары койгон талаптары аткарылмайынча таркашпай турушкандыктарын жарыя кылышты.
XS
SM
MD
LG