Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Жогорку Кеңеште өкмөттө парламенттин тапшырмаларынын аткарылышы каралды


БИШКЕК. 20-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов «Жогорку Кеңештин протоколдук тапшырмаларын, сунуштарын жана сын-пикирлерин аткаруу боюнча аткарылышы жөнүндөгү» маселе боюнча доклад жасады. Керимкулов белгилегендей, 28-марттан 2-сентябрга чейин премьер-министрдин аппаратына Жогорку Кеңештин 28 токтому түшкөн. Анын ичинен 23ү боюнча маалымат берилген. Калган бешөө учурда каралууда. Токтомдор райондордогу социалдык-экономикалык проблемараларга, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жойууга, жер маселелерин чечүүгө, паспорт, өлкөнүн түштүгүндөгү чек ара жана башка маселелерге байланыштуу болгон. Бүгүнкү күндө өкмөт тарабынан Жогорку Кеңештин депуттарынын 430 сын пикирлери жана сунуштары боюнча иш жүргүзүлүүдө. Керимкулов ошондой эле депутаттар тарабынан көтөрүлгөн маселелердин негизги бөлүгүнүн чечилиши чоң өлчөмдөгү каражатты да талап кылып жаткандыгын белгиледи. Бул маселени кароо 22-сентябрда улантылат.

XS
SM
MD
LG