Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Айдар Акаевдин адвокаты сотко кайрылат


БИШКЕК. 20-сентябрда Айдар Акаевдин адвокаты «АКИ-пресс» маалымат агенттигинде пресс-конференция өткөрүп, парламент тарабынан Айдар Акаевдин депутаттык кол тийбестигинен ажыратылышы жана аны кылмыш жообуна тартууга атайын токтом менен уруксат берилиши мыйзамсыз деген пикирин билдирди. Анын айтымында, Айдар Акаевди депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу маселесинин каралышында депутаттарга бийлик тарабынан кысым көрсөтүлгөн. Мындай пикирин Айдар Акаев да өз билдирүүсүндө айткан. Анын көз карашында, парламент тарабынан анын депутаттык укуктарынан ажыратылышы саясий мүнөзгө ээ. Парламенттин токтомуна карата Айдар Акаевдин адвокаты сот органдарына кайрылмакчы.

XS
SM
MD
LG