Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:59

Бекназаровдун кызматынан бошотулушу ар кыл пикирлерди жаратты


БИШКЕК. Саясатчылар А. Бекназаровго байланыштуу жардыкка карата ар кандай пикирлерин билдиришүүдө. Алардын айрымдары Бекназаровдун кызматтан бошотулушун саясий себеп менен байланыштырууда. Ал эми бир катар саясатчылар, алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары Алишер Сабиров, Кадыржан Батыров жана башкалар баш прокурор өз милдетин аткаруудагы кемчиликтерге байланыштуу кызматынан алынды деген пикирде. Өлкөнүн коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов да 20-сентябрда «Азаттыкка» Азимбек Бекназаровдун кызматынан бошотулушун саясий себептер менен байланыштыруу негизсиз деген көз карашын айтты. Серепчилердин айтымында, Бекназаровдун президент тарабынан байланыштуу жардыгы өлкөдөгү стабилдүүлүккө да терс таасирин тийизиши мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG