Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:03

Бекназаровдун жактоочулары Ак үйдүн алдына чыгышты


БИШКЕК. 20-сентябрда эртең менен Өкмөт үйүнүн жанына элүү чакты адам Азимбек Бекназаровдун башкы прокурордуктан алынышына нааразылык билдирип чыгышты. Алар өлкө бийлигинен Азимбек Бекназаровду бошотуу тууралуу жардыкты жокко чыгарууну жана аны башкы прокурорлукта калтырууну талап кылышып, президентти мындай кадамга барганы үчүн айыпташты.Байкоочулардын баамында, нааразылык чаранын катышуучуларынын саны түш ченде жүзгө чукулдады. Түшкө жуук бул жерге келген Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Самүдүн Айдаров нааразы тарапты өкмөт үйүнүн алдынан кетүүсүн, нааразылык чаралары үчүн атайын бөлүнгөн Максим Горький атындагы аянтчага барып, нааразылыгын улантуусун талап кылды жана буга көнбөсө күч колдонулаарын эскертти. Бирок нааразылыкка чыккандар мындай талапка көнгөн жок. Нааразылык чара кечке дейре уланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG