Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

А. Бекназаров: “Кызматтан кетишим саясий мүнөзгө ээ”


БИШKЕК. Президенттин жардыгы менен кызматынан алынган Азимбек Бекназаров 20-сентябрда пресс-конференция өткөрүп, кызматынан бошотулушунун себебин коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшө баштагандыгына байланыштырды. Анын айтымында, азыркы бийликтин өкүлдөрүнүн ичинен да коррупцияга кириптер болгондор бар. Бекназаров белгилегендей, март айындагы ыңкылаптан кийин анын жетекчилигинде коррупцияга каршы жүргүзүлө баштаган күрөш токтотулат. Азимбек Бекназаров ошону менен бирге мындан ары азыркы бийликке карата оппозицияда боло тургандыгы жөнүндө да билдирди. Ал саясатчыларды өзүнүн кызматынан бошотулушун саясатташтырбоого чакырып, маалымат каражаттары аркылуу Аксынын элин да нааразылык акцияларга чыкпоону өтүндү. Ал эми Аксы аймагынан кайрадан 27-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышаары жөнүндө так жооп берген жок.

XS
SM
MD
LG