Украина парламенти бүгүн өлкөнүн жаңы өкмөт башчысын дайындоо маселесинин биринчи каралышында Юрий Ехануровдун талапкерлигин четке какты. Өткөн аптада кызматтан алынган премьер-министр Юлия Тимошенко сессия алдында бир топ депутат менен жолугуп, аларды Ехануровко каршы добуш берүүгө үндөгөнү тууралуу айтылууда. Президент Виктор Ющенко дагы депутаттар менен жолугуп, Ехануровду колдоп берүүнү сураган.