Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:36

Парламенттик комиссия Гонгадзени уурдоого Кучманын тиешеси бар деген бүтүмгө келди


Украина парламентинин журналист Георгий Гонгадзенин өлүмүн иликтеген комиссиясы мурдагы президент Леонид Кучма аны уурдоону уюштурган деген бүтүмгө келди. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Григорий Омелченко билдирди. Комиссия ошондой эле парламенттин спикери, Гонгадзе жоголгон кезде президенттик администрация башчысы болуп иштеген Владимир Литвин жана Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси, азыркы депутат Леонид Деркахтын да тиешеси бар деп, аты аталган адамдарга каршы кылмыш ишин ачууну сунуш кылды. Владимир Литвин комиссия бүтүмүн чагым деп атады. Леонид Кучманы сындап жазган Георгий Гонгадзе 2000-жылы жоголуп, эки айдан кийин башы жок денеси табылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG