Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

ПРЕЗИДЕНТ ӨКМӨТТҮН ЖАҢЫ ТҮЗҮМҮН СУНУШТАДЫ


21-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйыны болуп, анда өкмөттүн структурасы каралды. Жыйында депутаттар маселени Жогорку Кенештин кароосуна алып чыгуу чечимине келишти.

«Өкмөттүн структурасы жөнүндө» мыйзам долбоорун президент менен премьер-министр алгачкы ирет 8-сентябрда Жогорку Кеңештин кароосуна жиберген. Депутаттар 11-сентябрда долбоорду карай баштап, бирок 15-сентябрда аны президентке кайра кайтарган. Жогорку Кеңеш президент жиберген структураны кески сынга алып, өздөрү анын кандай болуш керектиги тууралуу долбоорун сунушташкан. Депуттар анда министрлик жана комитеттердин санын 20дан ашырышкан эле.

21-сентябрда парламентке өкмөттүн структурасы жөнүндө жаңы долбоор президент тарабынан жиберилгени айкын болду жана Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети ушул эле күнү премьер-министр Феликс Куловдун катышуусу менен долбоорду талкуулап, аны палатанын кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алды.

Жаңы добоордо 13 министрлик жана 2 мамлекеттик комитет каралган. Депутаттардын сыны жана сунушу боюнча транспорт жана коммуникация министрлиги калыбына келтирилген, андан сырткары миграция боюнча мамлекеттик комитет түзүлгөн.

Премьер-министр Феликс Кулов жаңы долбоор тууралуу буларды билдирди:

- Биз Жогорку Кеңештин сунуштарын дыкат карап чыгып, компромисттик вариантты иштеп чыктык. Ошону менен транспорт жана коммуникация министрлиги ордунда калды, миграция боюнча комитет түзүлдү. Билим берүү министрлигине илим жана жаштар саясатын өткөрдүк. Ал эми борбордук органдар болсо мурдагыдай бойдон калды.

Депутат Алишер Сабиров президенттин жардыгы менен ар кандай мекемелерди түзүү практикасын токтотууну сунуштады:

- Сиздер биринчи кезекте мыйзамдарды өзгөртүп, андан кийин салык, бажы инспекциясын өкмөткө кошкула, чек ара кызматын Улуттук коопсуздук кызматына бергиле. Эгерде андай болбой эле, структура ушул бойдон калса, ал көптөгөн мыйзамдарга каршы келет.

Ал эми Исхак Масалиев өкмөт структурасы жөнүндө жаңы долбоорду кескин сынга алып, буларды билдирди:

- Формалдуу түрдө баарына өкмөт жооп берет. Ал эми иш жүзүндө өкмөттүн ыйгарым-укуктары жок. Ошондуктан мен структурада ар бир тармак, министрлик эмнеге жооп берээри так жазылышын талап кыламын. Андан сырткары, жаңы структурада депутаттардын сунушу дээрлик эске алынбаптыр, бир-экөөсүн эсепке албаганда.

Буга жооп кылган премьер-министр Феликс Кулов:

Биз Орусия тажрыйбасын иликтеп чыктык жана биз ошол жол менен барышыбыз керек. Анда күч министрликтери президенттин көзөмөлүндө, ал эми экономикалык тармак толук өкмөт колунда. Биз ушул жол менен барабыз жана ага биздин Конституция карама-каршы келбейт, - деп белгиледи.

Депутаттар бир катар экономикалык тармактар президент колунда калды деген жүйөөгө премьер-министр, президент Курманбек Бакиев Кыргызстан аба жолдору жана Кыргызстан темир жолдорун улуттук компанияга айлантып, аларды өзү жетектеп, жоопкерчилигин алаарын билдирүүдө. Бул нормалдуу көрүнүш, деди Феликс Кулов.

Талкуулар соңунда сунушталган долбоорду парламенттин кароосуна алып чыгуу тууралуу чечим кабыл алынды. Эми парламент бул маселени жакын арада карап, өз пикирин билдирмекчи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG