Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:05

БШК Адахан Мадумаровду жеңүүчү деп тааныды


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы 21-сентябрда жыйын өткөрүп, номур 39-шайлоо округу боюнча Адахан Мадумаровду депутат деп табуу тууралуу чечим кабыл алды. Аталган шайлоо окуругундагы үч шайлоо участогунда 31-июлда кайра шайлоо өткөрүлгөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Адахан Мадумаров жеңүүчү деп табылган. Көп өтпөй шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон депутаттыкка талапкер Мамат Орозбаевдин аппелляциялык арызын Биринчи май райондук соту карап, Адахан Мадумаровдун кызыкчылыгын колдогон чечим кабыл алган. Биринчи май райондук сотунун чечимин Жогорку сот күчүндө калтырган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG