Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

Келерки жылы Кыргызстанда аскерий машыгуу болот


БИШКЕК. Келерки жылы Кыргызстанда Орусия менен Кыргызстандын биргелешкен аскерий машыгуусу өтөт. Бул машыгуу терроризмге каршы күрөш багытында болуп, ага тиешелүү деңгээлдеги жабдуулар жана даярдыктан өткөн аскер кызматчылары катышат. Эки өлкөнүн коргоо министрликтери ушундай макулдашууга келгендигин Бишкекте журналисттердин суроолоруна берген жообунда Орусия коргоо министри Сергей Иванов билдирди. Анын айтымында, мындай машыгуулар Шанхай кызматташтыгы жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмдарынын алкагында да жыл сайын өтүп турат. Мындай машыгуулар Борбор Азия аймагында стабилдүүлүктү сактоо жана бекемдөө максатын көздөйт.

XS
SM
MD
LG