Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

Бакиев Аксыга телеграмма жолдоду


БИШКЕК. 21-сентябрдын кечинде президент Курманбек Бакиев аксылыктарды сабырдуулукка чакырган телеграмма жолдоду. Телеграммада белгиленгенге караганда, Бекназаровду кызматтан бошотууга Карасуудагы жагдай аргасыз кылды. Ошондой эле президент элдик революцияга чоң салым кошкон Азимбек Бекназаровдун иш-тажрыйбасын пайдалануу максатында жакында чечим чыгаарын, бул тууралуу Бекназаровдун өзү менен сүйлөшүлгөндүгүн белгилеген. Бакиев ошондой эле 6 адамдын өлүмүн алган Аксы окуясынан кийин кызматтан кеткендигин, андыктан, Аксы элинин, жалпы кыргыз элинин алдында жүзү жарык экенин белгилеген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG