Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:29

Бекназаровду колдогондор нааразылык билдиришти


БИШКЕК. Кызматтан алынган баш прокурор Азимбек Бекназаровду колдоо боюнча нааразылык иш чарасы 21-сентябрда Акүйдүн алдында өткөрүлдү. Ага алтымыштан ашуун адам катышты. Нааразылык иш чаранын катышуучулары төмөндөгүчө пикирлерин билдиришти:

- Азимбек Бекназаров Москванын, Акүйдүн тапшырмасы менен кызматтан алынды. Ал буга чейин баштаган ишинин аягына чыксын. Бекназаров кызматтан адилетсиз алынды.

Ошондой эле алар Азимбек Бекназаров Баш прокурордук кызматтан негизсиз, шашылыш алынгандыгын белгилешип, эгерде Бекназаров аталган кызматка кайра дайындалбай турган болсо, нааразылык акциясы улантыла тургандыгын эскертишти.

Бекназаровду кызматына кайтаруу талабы менен 20-сентябрда бир катар укук коргоочулар да чыгышты. Жаңы бийлик коррупцияга каршы күрөшкө эмес, Акаевден калган мүлктү кайра бөлүштүрүүгө кызыкдар деп айтылат, Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев, «Деомкратия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов жана «Жарандык коом коррупцияга каршы» борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова кол койгон кайрылууда.

XS
SM
MD
LG