Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

Орусия Кыргызстанга аскерий тик учма берди


БИШКЕК. 21-сентябрда кечке жуук Орусиянын коргоо министри менен Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Кант аба майданында болушту. Бул жерде Орусиянын аскер кызматкерлери менен жолугушуу, андан соң техникалык жардам иретинде 1 тик учма жана автоунаалардын тетиктерин Кыргызстан тарапка тапшыруу болду. Жалпысынан 3 миллион долларга бааланган бул техникалык жардамга байланышкан макулдашууга түшкө чейин Кыргызстандын коргоо министри Исмаил Исаков менен Сергей Иванов кол коюшкан. Кантта журналисттер менен жолугушууда Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Ганси аба базасынын өлкөдөн кетиши Ооганстандагы жагдайга жараша болорун, ал эми Ооганстанда жагдай тынчтык жолун көздөп баратканын белгиледи. Ал эми Орусиянын коргоо министри Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мейкиндиги кеңейтилгендигин, Кант аба базасын колдоого келечекте бир нече миллиард рубль инвестиция берилээрин билдирди. Орусия Кант аба майданына өзүнүн аскер күчтөрүн ЖККУнун алкагында узак мөөнөткө жайгаштырган. Аскерий база 2003-жылы 23-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин катышуусунда расмий ачылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG