Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

КАРЗАЙ АКШдан ООГАН ҮЙЛӨРҮН ТИНТҮҮНҮ ТОКТОТУУНУ ТАЛАП КЫЛДЫ


Ооганстанда 30 жылдан берки алгачкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын эсептөө шейшемби күнү башталды. Ушул эле күнү АКШнын аскер башчысы бул шайлоону жеңиш деп баалады, бирок өлкөдө согуш аракеттери бир канча айлап улана берет деп божомолдоду. Арийне, ооган президенти Хамид Карзай америкалыктарга терроризмге каршы согушунда страгегиясын өзгөртүп, куралдын күчүнө азыраак таянууга чакырды.

Жекшемби күнкү шайлоого Ооганстандын каттоодон өткөн 12 миллиондон ашык шайлоочусунун 6 миллион чактысы катышты. Бул добуш берүү – Кошмо Штатттары Талибанды кулаткан 2001-жылдагы согуштан кийин, өлкөгө демократияны орнотуу боюнча эл аралык пландын соңку баскычы болуп калды.

Талибдер кулагандан кийин бийликке келген Хамид Карзай парламенттик шайлоонун ийгилигин терроризмдин жеңилишине тете болду деп баалап, чет элдик согуштук аракеттерди чектөөгө мезгил жеткендигин кыйытты.

Ал Ооганстандан олуттуу терроризм коркунучу азайгандыгын белгилеп, мындан ары күрөштү террористтер машыгуудан өткөн жерлерге жана аларды колдогондорго каршы багытташ керек деди.
Ал ошондой эле май айында айткандарын кайталап, АКШ баштаган күчтөрдөн бийликтердин уруксатысыз үймө-үй тинтүүлөрдү токтотууну талап кылды:

- Ооганстанда мындан ары аскердик аракеттерге чоң зарылчылык бар деп ойлобойм. Аба күчтөрүн колдонуу азыр анча майнаптуу боло бербеши мүмкүн, себеби биз кол куушуруп отурган жокпуз. Ошондой эле (америкалык аскерлер) Ооганстандын өкмөтүнүн уруксаты жок оогандардын үйлөрүнө барып, тинтүү жүргүзгөнүн токтотушубуз керек.

Мунун алдында америкалык генерал-лейтенант Карл Ейкенберри ооган шайлоосуна жогору баа берип, бирок Ооганстанда дале иш көп болгондуктан, ооган бийликтери жана анын союздаштары чардап жатып ала албайт деди. "Эл аралык коомчулук Ооганстанды арабөк калтыра албайт, азыр чыдамкайлык айрыкча керек", - деп ырастады америкалык генерал. Ейкенберри ошондой эле жакынкы жумаларда дагы согуш аракеттери болот деп эскертип, анын аскерлери күз-кыш айларында коргонууга даярдык абалында болоорун белгиледи.

Анын аралыгында, АКШнын коргонуу катчысы Дональд Рамсфельд Ирактагы жана Ооганстандагы кырдаалга кайрылып, Кошмо Штаттары бул өлкөлөргө азаттык алып келди деп ырастады:

- Ооганстан менен Иракты айтканда, биз тарых эмне дейт деп сурашыбыз керек. Бул өлкөлөрдө согуш катуу, кандуу болду, бирок Америка тынчтыкты сүрөдү, миллиондогон адамдар эркиндик алып, жүз мидеген коалиция аскерлери ошол эркиндикти камсыз кылганын тарых унутпайт.

Америкалык аскерлер 2001-жылы, 11-сентябрдагы чабуулдарды уюштурду деп шектелген Осама бин Ладендин артынан кубалап, Ооганстанга басып киргенине келерки айда төрт жылдын жүзү болот.

XS
SM
MD
LG