Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

ДЕПУТАТ БАЯМАН ЭРКИНБАЕВДИ АТЫП КЕТИШТИ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек 21-сентябрда, саат түнкү 10 дун тегерегинде Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринен, тактап айтканда “Миң түркүн” дүкөнүнүн жака белиндеги өз үйүнүн жанынан Жогорку Кеңештин депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин президенти Баяман Эркинбаевди атып кетишти. Белгисиз адамдардын эки жолу ок атуусунан оор жараат алган депутат Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө жетпей каза болду.

Биз түнкү саат 10 дон өткөндө Улуттук госпиталга келсек, ал жердеги дарыгерлер Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевге соңку жардамын көргөзүү үчүн аракет жасап жатышкан экен. Бирок дарыгерлердин айтуусунда, депутаттын өмүрүн сактап калууга өтө кеч болуп калган. Биз Эркинбаевге жардам көргөзүүгө аракет жасаган дарыгер Замир Молдокуловду сөзгө тарттык:

- Сактап калганга мүмкүнчүлүк болбоду. Бизге келгенде жаны жок эле. Жараатына караганда, эки ок тийген. Бири жүрөгүнө, экинчиси мойнуна тийип, далысын көзөп кетиптир.

Ал эми депутаттын бир тууган эжеси жана жакын туугандары ушул ооруканада кайгыга батып, үмүтүн үзбөй күтүп отурушкан экен.

Окуя болгон учурда Баяман Эркинбаевдин жанында болуп, ага жалгыз күбө болгон жигитке микрофон сундук:

- Үйүнүн жанына келип токтодук. Мен алдында, ал артта болчу. Машинадан түшө бергенде эле ок жанылды. Чуркап бараткан караанды гана көрүп калдым. Башка эч нерсени билбей калдым. Баяман Эркинбаев ок тийгенде «Чакыр, больница-а!» деп кыйкырганга гана үлгүрдү, - деп окуя тууралуу Сабыр Батыров ушуларды гана айта алды.

Аңгыча ооруканага Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, Жогорку Кенештин төрагасы Өмүрбек Текебаев, анын орун басары Болот Шерниязов жана башка саясатчылар да келип калышты. Биз Өмүрбек Текебаевге бул окуяга кандай карайсыз деп кайрылганыбызда, ал кандайдыр бир түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Спикерден эч кандай пикир ала албаган соң, биз анын орун басары Болот Шерниязовду сөзгө тартканыбызда, депутат Эркинбаевдин өлүмүнүн башкы себеби катары буларга токтолду:

- Баяман жаңы бийликтин, бийлик талашкан, байлык талашкан интригалардын саясий курмандыгы болду. Ошолордон өлүп кутулуду. Бу дагы кыргыз деп жүргөн, кыргыз деп күйгөн жигиттердин бири эле, мына эми ушинтип айрылып отурабыз… Бийликтеги айрым төбөлдөр ушуга алып барды, билип туруп алып барышты деп айтаар элем. Алар эми эсине келбесе, эл эсине келтирет. Бийлик башындагы коррупцияга малынган, булганыч адамдардан арылышыбыз керек. Канчалык тез арылсак, тартип ошончо тез орнойт.

Ал эми жаңы бийликтин өкүлү, Спорт, туризм жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бектур Асанов бийликтин алсыздыгын мойнуна алып, абалдан чыгуунун жалгыз жолу - мамлекет башчысы Курманбек Бакиев айланасындагы эски бийликтин өкүлдөрүнөн толук тазаланып, кызматтан бошотулган Башкы прокурор Азимбек Бекназаровду кайра кызматка коюу керек деген пикирин билдирди:

- Бул бийликтин алсыздыгынын, көзөмөл бийликтин колунан чыгып баратканын белгиси. Киши өлтүрүү бизде саясатчыларга өтө баштады. Бул акыркы эки-үч айда эле экинчи депутаттын өлүмү. Бул - коркунучтуу жышаан. Бийлик кескин чара көрбөсө арты жаман болушу мүмкүн. Азыр душмандар ак үйдүн ичине кирип алышты. Мындай иштерди президентин тегерегинде жүргөндөр жасап жатат. Бакиев революцияны жалгыз жасаган жок. Революцияны жасаган команда менен, ошол эрктүү, кайраттуу патриот адамдар менен бирге болгон күндө гана азыркыдай абалдан чыга алат. Андан башка жол жок. Революцияны жасоо оңой, бирок сактап калуу кыйын. Президенттин бирден-бир кемчилиги - ошол революцияны жасап, бийликке алып келген кишини кызматтан алышы болду. Бул президенттин терс күчтөрдүн айланасында кала баштаганын көрсөтүп турат. Бекназаров терс күчтөрдү кекиртектеп калганда алар президентке катуураак таасир кылып, Бекназаровду кетиришти. Ошентип алар азырынча Бекназаровду жеңди. Мамлекеттин келечеги, стабилдүүлүк үчүн бир гана жол бар. Ал - Бакиев Бекназаров менен келишип, аны кайра башкы прокурордукка койуу. Ошондо гана кырдаал ордуна келет.

22-сентябрга караган түнкү саат 12 ден өткөндө депутат Баяман Эркинбаевдин сөөгүн Улуттук госпиталдан Бишкектеги өлүкканага алып чыгып кетишти. Ал жерден депутаттын денеси атайын адистер тарабынан дыкат изилдөөгө алынып, андан соң сөөгү туугандарына берилмекчи.

XS
SM
MD
LG