Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:13

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР ШАЙЛОО СИСТЕМАСЫН ЖАҢЫРТУУНУ КӨЗДӨӨДӨ


Коомчулукта Кыргызстандагы шайлоо системасын реформалоо зарылдыгы тууралуу пикирлер айтылууда. Айрым саясий партиялардын лидерлери партиялык тизме менен шайлоо системасына өтүү өлкөнүн саясий туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө шарт түзөт дешсе, айрымдары мындай сунушка мамлекет даяр эмес деген көз карашта.

АКШнын демократия жана шайлоого жардам берүү институтунун колдоосунда республикадагы айрым саясий партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу топ түзүлүп, Кыргызстандагы шайлоо системасын жаңылоо багытында иш чаралар жургүзүлүүдө. Жумушчу топтун мүчөсү, “Арнамыс” саясий партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев бул тууралуу мындай дейт:

- Шайлоо системасы - демократиянын эң түпкү көрүнүшү. Шайлоо системасынын түзүлүшү, биз өлкөдө демократияны кантип түзөөрүбүздү билгизет. Ошондуктан мен ойлойм, шайлоо системасы ачык-айкын болуп, элдин оюн, максатын шайлоо системасы аркылуу бийликке жеткирүү керек. Административдик ресурс болбосун, элдин добушун сатып албасын, элдин ынтымагына доо кетирбесин деген максатта шайлоонун жаңы системасын түзөлү деп атабыз.

Ал эми “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев партиялык тизме менен шайлоого толук өтүш керек деген көз карашта.

- Биз можаритардык системадан баш тартып, пропорционалдык системага өтүшүбүз керек. Дүйнөнүн, батыштын эң бир алдыңкы өлкөлөрүнүн үлгүлөрүнө өтүшүбүз зарыл. Анда ар бир адам эмес, партиялардын программалары атаандашат.

Ошол эле учурда “Арнамыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев партиялык тизме менен шайлоо системасына 10 жылдан кийин өтүү натыйжалуу деген пикирде:

-“Арнамыс” партиясынын программасында да пропорционалдык системага толук өтүп, Кыргызстан парламенттик мамлекет болуш керек деп жазылган. Бирок бул биринчи шайлоо менен эле болуп калбайт. Менин оюмча, келерки шайлоодо пропорционалдык-можартиардык система болуп, анан дагы беш жылдыктан кийин пропорционалдык системага толук өтүшүн сунуштап атабыз.

Шайлоо системасын кайрадан иштеп чыгуу тобунун дагы бир мүчөсү, “Асаба” партиясынын ордо кеңешинин төрагасы Дөөлөт Нусупов буларга токтолду:

- Негизинен биздин шайлоо системасын реформалоо керек. Себеби Акаевдин доорунда көп саясий партиялардын уюуштурулушуна уруксат берилгени менен, аны өнүктүрүш үчүн партиялык тизме менен шайлоого биринчи катыштырымыш болуп, кийин такыр эле катыштырбай койду. Менимче, келерки шайлоодо партиялык тизме менен дагы, бир мандат менен да катыштыруу керек. Анткени биздин партиялардын аброю абдан эле төмөн.

Ал эми Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоцациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева шайлоо системасын жаңыртуудан мурда анын мыйзамдуулугун бекитүүнү, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгып, кабыл алынгандан кийин гана анын чегинде шайлоо системасын реформалоо натыйжалуу болоорун белгиледи:

- Шайлоо системасын реформалоодон мурда, Конституциябыздын жаңы вариантын кабыл алып, анан анын негизинде саясий кыймылдар жана саясий партиялар боюнча атайын мыйзам кабыл алышыбыз керек.

XS
SM
MD
LG