Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:03

Азимбек Бекназаров парламентке киргизилген жок


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө Азимбек Бекназаровду кызматтан кетирүүгө себеп болгон жагдайларга токтолуп, бул жардыкты чыгарууга Карасууда эки кишинин өлүмүн шарттаган башкы прокурордун одоно мыйзам бузуусу себеп болгондугун белгиледи. Президент комиссиянын жыйынтыгына ишенбей кое албай тургандыгын билдирди:

- Комиссияга ишенбей коюуга эч кандай укугум жок. Ошо комиссиянын жыйынтыгы бүт республикага белгилүү кишилер, көп жылдан бери иштеген юрист катары, тергөөчү катары ачык-айкын көрсөтүп атат ушундай мыйзам бузуулар болгонун. Эгер ушундай чечим кабыл албаганда тиги эки бала өлбөйт эле, атылбайт эле деген чечимин берип атпайбы.

Депутат Дооронбек Садырбаев комиссиянын жетекчисинин кайрадан башкы прокурордун милдетин аткаруучу кылып дайындоону сынга алды. Депутат Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө байланышкан талкууга катышууга мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровго уруксат берилген жок. Буга чейин айрым депутаттар ушундай талап коюшкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG