Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Баяман Эркинбаевдин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевдин атып өлтүрүлүшүнө байланыштуу Кылмыш кодексинин 294-беренесинин, 97 берененин 1-бөлүмчөсүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ички иштер министрлиги 22-сентябрда маалымат таратты. Анда белгиленгенге караганда, депутат 21-сентябрда түнкү саат 10.00до өз үйүнүн жанынан атылган. Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мурат Суталиновдун билдиргенине караганда, окуя болгон жерде Макаров үлгүсүндөгү куралдан атылган октун үч гильзасы табылган. Бирок кылмыш иши ачыла элек. Баяман Эркинбаевдин өмүрүнө апрель айында дагы бир ирет кол салынып, ал боюнча козголгон кылмыш иши да ачыла элек болчу. Баяман Эркинбаев Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты. Акыркы жолу ал №16 Кадамжай шайлоо округунан шайланган. Март окуясынан бери депутат Баяман Эркинбаев Улуттук олимпиада комитетинин башчылык милдетин кошо аткарып келаткан.

XS
SM
MD
LG