Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:03

ОРУСИЯНЫН БОРБОР АЗИЯГА ГЕОСАЯСИЙ КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ АРТУУДА


Орусия Кыргызстанда аскердик күчүн кармап турууга кызыкдар, алыска мелженген саясий кызыкчылыкты жүзөгө ашырыш үчүн каржылык колдоо көрсөтүшкө даяр экенин коргоо министри Сергей Ивановдун иш сапары айгинеледи. Президент К. Бакиев АКШнын Кыргызстандагы аскер туругу тууралуу келишимдин каржылык шарттарын кайра карап жатышканын маалымдап, Орусиядан экономикалык колдоо күтөөрүн жашырган жок.

2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШ алааматынан кийин түзүлгөн антитеррордук коалициянын «Манас» абамайданындагы аскер туругу орун алганына кенен бир жыл ашып-ашпай Бишкекке канатташ Кант шаарында Орусия башында турган коопсуздук келишимине кол койгон өлкөлөрдүн дагы бир аскер туругу жайланышты.

Экономикалык жактан тежемел чакан өлкөнүн аймагында антип эки лөк мамлекеттин аскер күчтөрүнүн турушун мурдагы президент Аскар Акаев «эстүү музоо эки уйдун эмчегин эмет» принциби менен түшүндүрчү.

Шаңхай кызматташуу уюмунун кезектеги Астана жыйынында АКШнын аскер күчтөрүн качан алып чыгып кетерин так айтышын ачык эскерткен чечиминин сыясы кургай электе АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфельд Кыргызстанга келип, жаңы бийлик жетекчилери менен сүйлөшүп, козголуп бараткан маселени бас-бас кылып кеткен.

Конституицялык кеңештин мүчөсү, белгилүү ишкер Өмүрбек Абдырахмановдун ырасташынча, Шаңхай кызматташуу уюмунан алдагыдан башкачараак чечимди күтүш кыйын. Постсоветтик Борбор Азия мейкининде жеке бийликчил президенттердин башын кошкон жыйында Орусия менен Кытайдын позициясы үстөм чыгып келатканы деле белгилүү.

- Менин жеке оюмча, Американын базасы бул жерде турганы кыргыздар үчүн, Кыргызстан үчүн эң чоң пайдалуу. Американын аскери турса мынабу жаныбыздагы авторитардык республикалар бизге сугун артпайт.

Орусиянын коргоо министри менен Канттагы аскер базасында болгон кезинде президент К. Бакиев АКШын Кыргызстандагы «Ганси» аскер туругу тууралуу мурдагы келишимдин каржылык шарттары кайрадан каралып жатканын билдирип, экономикалык кыйын абалда турган Кыргызстан үчүн бул өзгөчө маанилүү проблема экенине басым жасады.

- Келишим түзүлүп атканда көрсөтүлгөн баалар азыркы шартка шайкеш келбейт. Баалар өтөле төмөн. Кыргызстандын экономикасы алсыз, ага жардам керек. Азыркы маселе мурунку шарттарды карап чыгуу, төлөө акысын көбөйтүү. Ал эми АКШнын аскер күчтөрү качан чыгарылып кетери Ооганстандагы кырдаалга түздөн-түз байланыштуу.

Ооганстандагы кырдаалдын жакын арада турукташып кетиши деле кыйын. Кыйла жылдык ичара уруштун өртүн өчүрө албай келаткан өлкө толук бейпил турмушка өтмөйүнчө туруктуулукту кармап турган чет элдик аскер күчтөрүн алып чыгып кетүүнүн опурталдуулугун Африканын айрым мамлекеттеринин жакынкы эле тарыхы таасын тастыктап бербедиби.

АКШ коргоо министри менен Кыргызстандын жаңы жетекчилигинин ортосунда болгон кеп-сөздүн төркүнү барып-келип эле экономикалык көмөккө такаларын эсепке алган Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Канттагы аскер туругун кеңейтүүгө акча арбын бөлүнөрүн кайталоодон тажабады.

- Биздин Канттагы авиациялык турyкка бирнече миллиард рубль акча бөлүү планыбыз бар. Бул бир ирет жасалчу иш эмес, атүгүл андай акчаны бир-эки жылда иштетүү мүмкүн эмес.

Президент К. Бакиевдин Орусия Кыргызстан экономикасына ири инвестиция алып келбей жатат таризинде айткан пикирине жооп катары чыккан бир нече миллиард рубль акча ириде Канттагы аскер туругун жаңыртууга, учактарды кондуруу, учуруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жумшалары турган иш. Ал акчанын азыраак бөлүгү аскер шаарчасынын социалдык курулуштарына, аскерлердин жашоо-турмушун жакшыртууга бөлүнөрү баса көрсөтүлдү.

Орусиянын коргоо министри Кыргызстанга куркол эмес бир тикучма, он аскерий КАМАЗ автомашинелерин, иши кылып, баш-аягы 3 миллион долларлык аскер жабдыктарын белек катары алып келди.

«Кыргызстан» коомдук-саясий кыймылынын жетекчиси Алишер Абдимомуновдун ырасташынча, эки өлкө ортосундагы маселе жалгыз учак менен эле чечилбейт:

- Жалгыз вертолет менен эле мындай масeле чечилбейт да.

Марттагы бийлик алмашуусунан кийин экономикалык өнүгүш ырааты кыйла жайлап калган Кыргызстандын жаңы бийлиги ушу тапта сырттан ири инвестициянын келишине куштар. Президент К. Бакиев алыскы чет өлкөлөрдө Кыргызстанды ишкерлердин көбү билбейт, жакын турган Орусия менен Казакстандан бул жерге агылып инвестиция келишине толук шарт түзүлгөн дейт:

- Кыргызстанда азыр экономика кысталыш жагдайда турат, анткен менен дурус эле дегидей мыйзамдык негиз түзүлгөн. Ошого таянып Орусиядан, Казакстандан, Европадан, алыскы чет өлкөдөн ишкерлер келип иштөөгө болот.

Мыйзамдык негиз түзүлгөнү менен 24-марттан бери Кыргызстан саясий-экономикалык кыйынчылыктан кутула албай келатат. Президент шайланып, өкмөт башчыга парламент макулдук бергени менен ушуга чейин аткаруу бийлиги арсар абалда туру. Бул жагдай инвесторлорду чочулатпай койбойт.
XS
SM
MD
LG