Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

МУСУЛМАН КЫЗДЫН ТЕННИСТЕГИ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРЫ


Сания Мирза быйылкы жылдын теннистик ачылышына айланды. Индиялык 18 жаштагы кыз теннис боюнча дүйнөлүк тизмеде 100дөн ашуун орунду дароо артта калтырып, Аялдардын теннис боюнча ассоциациясынын мелдешин жеңген алгачкы индиялык болуп калды. Бирок теннисттик кортто ал жеңи жок кыска майкачан жана шортычан ойногону үчүн өз мекениндеги мусулман коомчулугу тарабынан катуу сынга кабылды.

Кыска майка жана шорты – бул эл аралык теннистик мелдештерде салтка айланган кийим-кечек. Бирок Индиянын мусулман коомчулугу өзүлөрүнүн арасынан суурулуп чыккан Саниянын мелдеште жеңгенине сүйүнгөндүн ордуна исламды мазактады деп айыптап, эмкиде денесин жаап ойносун деген талап коюуда.

Ушундай мазмундагы эскертүү Сания - өз мекени Индиянын улуттук мелдешине катышаар алдында жарыяланды. “Жамаат- и-Улема-Хинд” деп аталган уюм эгерде теннисчи кыз денесин жаап чыкпаса, анын оюнун токтотууга аракет кылаарын маалымдады. Бул эскертүүнү Индиядагы дагы башка мусулман жамааттары колдоп кетишти. Аталган уюмдун Сания Мирза төрөлүп өскөн Хейдарабад шаарындагы бөлүмүнүн башчысы Саед Юсуф Бин буларды айтат:

- Сиз өз денеңизди элге көрсөтпөгөндөй кылып кийинишиңиз керек. Теннис кол менен ойнолот да, анан башка жерлерин көрсөтүүнүн кандай кажети бар? Сиз, Сания Мирза, Индияны сыймыкка бөлөп, бирок исламды уятка калтырып жатасыз.

Сания Мирза өзү мындай билдирүүлөргө көп көңүл бурбай, бардык күч-дараметин спорттогу жеңиштерге багыттап жатканын айтат.

- Менин кийимим жөнүндөгү сөздөргө эми эмне дейин. Талаштар кандай болгон күндө да, мен буга чейин бир да кишинин: “сенин териң күрөң, индиялыксың”, - деп бетиме айтканын уга элекмин, жолдуу болсом керек, - деп кыскача жооп узатат ар кандай сөздөргө индиялык таланттуу теннисчи, мусулман кызы Сания.

Ал былтыр теннис боюнча дүйнөлүк тизмеде 168-орунда турса, акыркы 8 ай ичинде укмуштай секирик жасап, 34-сапка жылды. АКШнын ачык чемпионатында Сания орусиялык Мария Шараповага уттуруп койду, бирок анын ойноо ыкмасы эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзүнө бура алды. Индияда болсо ал азыртадан эле элдин сүймөнчүгүнө айланды. Келээрки дүйшөмбүдө Калькутта шаарында ал Индиянын улуттук мелдешине катышат, полиция соңку эскертүүлөргө карабастан, олуттуу чыр-чатак чыкпайт деле деген пикирде. Ошентсе да, Сания Мирзанын коопсуздугун күзөтүү максатында кошумча жансакчылар кабыл алынганы кабарланды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG