Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:39

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ КЫЛМЫШТУУ КЫРДААЛ ТУУРАЛУУ ТОКТОМ КАБЫЛ АЛДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек Жогорку Кеңештин бейшембидеги отурумунда депутат Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө байланыштуу “Кыргыз Республикасындагы криминогендик кырдаал жөнүндөгү» токтом кабыл алынды. Анда өлкөнүн коопсуздук кызматынын төрагасын жана ички иштер министринин биринчи орун басарын кызматынан четтетүү президентке сунушталды.

22-сентябрь күнү түштөн кийин Жогорку Кеңештин деупаттары өлкөдөгү кылмыштуулук боюнча кырдаал жөнүндөгү токтом кабыл алышты. Анда Кыргызстанда соңку айларда бул жааттаы кырдаал кескин начарлап кеткендиги белгиленип, мындай кырдаал тартип коргоо органдарынын – башкы прокуратура, ички иштер министрлиги жана улуттук коопсуздук кызматынын криминалдык элементтер менен кылмыш топторунун иш-аракеттерине бөгөт койуу ишиндеги кемчиликтерге байланыштуу болгону айтылган жана мындай абалды депутат Баяман Эркинбаевдин өлтүрүлүшү да айгинелеп тургандыгы белгиленген.

Депутаттар тарабынан Баяман Эркинбавдин өлүмү боюнча ички иштер министрлигинин, улуттук коопсуздук кызматынын, коопсуздук кеңешинин жана башкы прокуратуранын жетекчилеринин маалыматтары жетишсиз деп таанылды.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар тарабынан сунушталган токтомдордо каралган Коопсуздук кеңештин катчсысын, ички иштер министрлигинин, улуттук коопсуздук кызматынын, башкы прокуратуранын жетекчилерин жана алардын орун басарларын ээлеген кызматтарынан бошотуу маселеси боюнча ар кандай пикирлер айтылды.

Айрым депутаттар жаңыдан баш прокурорлук кызматты аткара баштаган Бусурманкул Табалдиевди, коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязовду кызматынан кетирүүгө каршы пикирлерин билдиришти. Буга байланыштуу депутат Мелис Эшимканов мындай деди:

- Эми азыр Табалдиевдин ишке киришкенине эки эле күн болду. Анан эки күндөн кийин эле кызматынан кетсин деп талап кылсак – болбой калат. Мирослав Ниязовдун да кызматынан кетишин талап кылууга болбойт деп эсептейм. Суталинов, Ниязовдун иши жетишсиз деп табылышы керек да, ал эми улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматынан кетиши керек .

Мындай пикирлерди башка депуаттар да айтышты. Депутат Рашид Тагаев
ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мурат Суталиновдун кетишине каршы чыкты:

- Менин пикиримде, азыр Мурат Суталиновду колдоо керек. Ал ишин эми баштап келе жатат. Башкаларга салыштырмалуу ал жакшы иштеп жатат. Эгерде бул тармакка башка бирөө келсе, азыркыдан да жаман болот. Ошондуктан, азыркы кырдаалда Мурат Суталинов калышы керек.

Депутат Исхак Масалиев депутаттар өздөрү жактырган министрлерди жактай баштагандыгына нааразылыгын билдирип, күч структураларынын жетекчилеринен өз каалосу менен кызматынан кетишин өтүндү. Депутат Өмүрбек Бабанов болсо, улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Таштемир Айтбаевди кызматынан кетирүү сунушун добушка койууну талап кылды.

Андан соң, улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Айтбаев, ички иштер министринин биринчи орун басары Шеркозу Мурзакаримов ээлеген кызматтарынан кетсин деген сунуш депутаттардын көпчүлүк добушу менен өттү. Ал эми ички иштер министриинин милдетин аткаруучу Мурат Суталинов, коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов жана баш прокурордун милдетин аткаруучу Бусурманкул Табалдиевди ээлеген кызматынан бошотуу сунушу өткөн жок.

Парламент кабыл алган токтомдо премьер-министр Феликс Куловго уюшулган кылмыш топторуна каршы күрөшүү боюнча атайын топ түзүү тапшырылды жана Бул топтун республикалык бюджеттен каржыланышы каралды.

Ал эми ички иштер министрлигине, улуттук коопсуздук кызматына жана башкы прокуратурага бир аптанын ичинде депутат Баяман Эркинбаевдин өлүмүн иликтөө боюнча маалымат берүү тапшырылды. Кабыл алынган токтомдун аткарылышы жөнүндө бир айдын ичинде премьер-министр Феликс Кулов Жогорку Кеңешке маалымат берет.

XS
SM
MD
LG