Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:04

УКРАИНАДА ЖАҢЫ ПРЕМЬЕР БЕКИТИЛДИ


Украин парламенти өлкөнүн премьер-министрлигине Юрий Ехануровду бекиткенге макулдук берди. Мындан эки күн мурда Ехануровдун талапкерлиги колго салынып, өтпөй калган болчу. Президент Виктор Ющенко парламенттеги фракциялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Ехануровдун кандидатурасын парламентке кайталап сунуш кылууну чечкен эле.

Украин парламентинде 450 депутат бар, премьерликке кандидатка макулдук берүү үчүн алардын 226 добушу зарыл. Өткөн жолу буга үч добуш жетпей калган эле. Бул жолу Ехануров 289 добуш алды. Анын жыйынтыгын парламент спикери Литвин жарыялады.

Ехануровду колдоп, оппозициядагы региондор партиясы баарынан көп добуш берди. Партиянын лидери, Виктор Янукович бир күн мурда парламенттеги күчтөр коалиция кураганга жана колунан иш келе турган, жоопкерчиликтүү өкмөт түзгөнгө, бул жоопкерчиликти президент менен тең-тең бөлүшкөнгө даяр, деп билдирген эле. Бейшемби күнү Ехануровдун талапкерлиги экинчи ирет колго салынар алдында Янукович менен президент Виктор Ющенко саясий меморандумга кол коюшту. Документте бир катар маселелер, анын ичинде оппозиция жөнүндө мыйзам кабыл алуу, саясий репрессияларга жол койбоо шарттары макулдашылды.

Президент Виктор Ющенко бейшемби күнү парламенттеги сөзүндө саясий күчтөрдү дагы бир жолу биригүүгө чакырды. «Саясий лидерлер катары сиздерге, коомдун жана бизнестин өкүлдөрүнө кайрылгым келет, бизге өгүз өлтүрөр балтанын кереги жок, аны көрүнбөс жерге катып коелу да, таптакыр унуталы», - деп айтты ал. Ющенко экс-премьер Юлия Тимошенкого да телефон чалып, жаңы өкмөт түзүүгө катышканга таклип кылган эле. Тимошенко, сыягы, жаңы коалицияга киргенге макул болгон сыяктанат. Бери эле дегенде ал коалициялык жаңы өкмөт түзүү өтө зарыл, тыкыр иш экенин ырастап, ага кесипкөй кишилер, өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдүн өкүлдөрү кириши керектигин, Украинадагы азыркы жагдай баш кошууну талап кылып жатканын белгиледи.

Жаңы коалициядан Тимошенкого кандай орун тиет, азырынча белгисиз. Юрий Ехануров болсо кабинет башчысы катары өзүнүн программасын эмдиги аптада Днеппропетровски шаарында жарыялай тургандыгын билдирди. Ал азырынча областтын губернаторлук кызматын тапшыра элек. Мурда болсо өкмөттүк бир катар кызматтарда иштеген, Виктор Ющенко премьер болуп турганда анын биринчи орунбасары болгон. Ал өзүн “бурят тектүү украиналыкмын” деп айтты тамаша-чынга чаргытып.

Ехануровдун кабинет башчылыгына дайындалышы менен Украинада өкмөт кризиси чечилгенсиди. Президент Виктор Ющенко да буга өбөлгө берчү бир катар чечимдерди кабыл алды. Мамлекеттик катчынын, анын алты орунбасарларынын, президенттин биринчи жардамчысынын кызматын жойду. Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин бир катар милдеттерин президенттин катчылыгына өткөрүп берди. Экономика чөйрөсүндө кайра менчиктештирүү планын токтотту.

Иши кылып, украиналык ыңкылапчылар өз оппоненттери менен кайра бириккенге аргасыз болду. Соңку ыйкы-тыйкылыктар президент Виктор Ющенконун бийлигине бир топ залака кетирди, анын революциячыл убарлашы Тимошенконун да аброю бошоңдой түштү. Бирок алар утулган жок. Утулса, эксперттердин эсебинде, саясатчылардын кебине ишенип, эки жаатка бөлүнүп, бир тарабы кычыроон суукка карабай Киевдин майданында аламандап акцияда турган, экинчи жагы автономия алып, бөлүнүп кеткенге азырланып, митингдерди өткөргөн ишенчээк калк утулду. Мунун баары көптөгөн украиндердин, өзгөчө революция колдогондордун көңүлүн абдан кайт кылды, дейт британдык эксперт Асколд Крушельниски. Ыңкылапчылар эң жаман сапаттарын – ачкөздүгүн жана сердымагын көрсөтүштү, мунун баары революциянын изги жана жаркын үмүттөрүн жалп өчүрдү.

XS
SM
MD
LG