Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

«Рита» бороону Техас штатына жакындоодо


АКШнын Техас штатын көздөй келаткан “Рита” бороонунан чочулап, Мексика булуңун жээктей жашаган жүз миңдеген адамдар башка жактарга көчүрүлүүдө. Сейсмологдор “Рита” бороонуна эң жогорку 5-категория ыйгарып, ал саатына 280 чакырым ылдамдыктагы шамалды айдай келээрин айтышууда. АКШ президенти Жорж Буш аймактын жашоочуларын сак болууга үндөдү. “Биз “Рита” бороону олуттуу кыйроолорду алып келбесе экен деп үмүттөнүп, сыйынып жатабыз. Бирок эң жаман нерселерге даяр болгонубуз оң”, - деп айтты Буш.

XS
SM
MD
LG