Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

ДЕПУТАТ БАЯМАН ЭРКИНБАЕВ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАДЫ


Бишкек коомчулугу 23-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевди акыркы сапарга узатты. Узатуу митинги Жогорку Кеңештин имаратынын алдында өтүп, ага Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттар, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, биринчи вице-премьер министр Медетбек Керимкулов баштаган өкмөт мүчөлөрү катышты.

Депутатты акыркы сапарга узатуу үчүн Бишкекке Ош, Жалалабад, Баткен облустарынан туугандары, жакшы санаалаштары, шайлоочулары келишти. Митингде алгачкы сөздү Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев алып, Баяман Эркинбаевдин өмүрү жолуна, ишмердүүлүгүнө токтолду:

- Баяман Эркинбаев кыргыз парламентиндеги эң жаш депутаттардын бири экенине карабастан, саясат алкагында өз алдынча акыл калчай билген, карапайым калк көйгөйүн тартынбастан түз айткан, кыйла такшалып калган депутатыбыздан болуп калган. Жакында парламент жыйындарынын биринде “асыл башта бир өлүм, мен өлүмдөн коркпойм, мен өзүмдөн коркпойм, мени элдин келечек тагдыры кооптондурат”, - деп жарыя айткандары баарыбыздын эсибизде.

Баяман Эркинбаев 1967-жылы 3-мартта Жалалабад облусундагы Сузак районунун Карадарыя айылында туулган. Ташкендеги айыл чарба институтун бүтүргөн. Жогорку Кеңешке үч жолу депутат болуп шайланган. Март окуясынан кийин маркум
депутаттык иши менен бирге Улуттук олимпиада комитетинин президентинин милдетин аткарып келаткан.

Депутат 21-сентябрдын түнүндө белгисиз адам тарабынан атып өлтүрүлдү. Коомчулукта депутаттын өлүмүнө байланыштуу ар кандай түкшүмөлдөр айтылууда. Ички иштер министрлиги кылмышты ача элек. Ага жараша коштошуу митингинде депутаттын туугандары, жакындары күнөөкөрлөрдү таап берүүнү бийликтин алдына курч койду. Маселен эжеси Жаркын Эркинбаева мындай деди:

- Ушул өкмөттүн башчыларынан, бийликтин башчыларынан, инимдин мыкты сыйлаган депутаттарынан, коллегаларынан суранып кетет элем: Ала турган балдарды алдыңар, эми камалып жаткан балдарды чыгарып бергиле, күнөөсү жок жерден күнөөлүү болду. Мен Баямандын, баламдын өлүмүнө Жунусов Ибрагимди айыптаймын. Жунусова Динараны айыптаймын. Себеби, менин баламдын чөнтөгүнөн Жунусова Динаранын телефондору, жазган сөздөрү чыкты. Мен бул өлүмдө Айдарды күнөөлөймүн, мен бул өлүмдө Санжар менен Канжарды күнөөлөймүн. Карасуу шылтоо болду. Менин үкөмдүн дүнүйөсү гана керек болду буларга, базары гана керек болду.

Жаркын Эркинбаеванын айтымында, бир уулу 14 күн мурун киши колдуу болуп өлүп, бир уулу жалаа менен камакка алынган. Депутаттын өлүмүнө себепкер болгондорго нааразылыгын митингде билдиргендердин бири Ош шаарынан келген Базарбай Сөлпиев да болду:

- Эгерде ар бир ушундай эр азаматтын артынан кууп жүрүп, жанындагы сакчыларын камап, унааларын тартып, анан жалгыз калганда эшигинин астына келип, артынан … келип атып кеткиңер келсе, келгиле анда өлүмгө мен да даярмын.

Ал эми депутат Дооронбек Садырбаев митингде муркум Баяман Эркинбаевдин сөөгүнүн алдында төмөнкүлөрдү убада кылды:

- Азыр тирүү калган депутат агаларың, инилериң, досторуң бардыгыбыз ушул маселе аягына чыкканча мыйзамдын чегинен чыкпастан, бүт бардыгын аягына жеткиребиз деп, мен убада берем. Кош иним. Жаткан жериң жайлуу болсун. Топурагың торко болсун.

Митингде Баяман Эркинбаевдин энеси уулун акыркы сапарга узатууга келген эл алдында ый аралаш буларды айтты:

- Эч уурулук, ушак сүйлө деген эмесмин. Менин балам туура тарбияланган. Ошон үчүн бир сом тапса да, жетим-жесирге берем дечү эле балам…

Жогорку Кеңештин депуты Баяман Эркинбаевдин сөөгү ушул эле күнү Бишкек шаарындагы «Аларча» көрүстөнүнө коюлду. Эл-журтунун, аксакалдардын атынан келген Шекербек ажынын айтымында, бул күнү маркумду тааныган, билген жерлердеги мечиттерде имамдар маркумга арнап куран окушту.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG